Кара-Балтада башы кесилип, зордукталган аялдын жансыз денеси табылды

22-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 38

Кара-Балта шаарында суудан 47 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта жазылат.

Андагы маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарынын Чапаев көчөсүндөгү сууда 1975-жылы туулган А.А. аттуу аялдын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

22-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X