Кара-Балтадагы экологиялык абал депутаттык комиссиянын көңүл борборунда

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 115

Кечээ Жогорку Кеңештин республикадагы экологиялык коопсуздуктун абалын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы өндүрүш ишканаларын кыдырып, жергиликтүү тургундардын экологияга байланыштуу көйгөйлөрүн укту.

Комиссиянын төрайымы Махабат Мавлянова баштаган депутаттар Чүй облусундагы «Джунда» мунай иштетүүчү заводунун, «Азия Сталь» арматура өндүрүүчү ишканасынын жана «Су-4» асфальт-бетон заводунун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Кыдырууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да катышты.

Акыркы убакта тургундар абанын булганышына байланыштуу арыздарды билдирип келишет. Буга байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлиги текшерүү жүргүзүп, экологиялык талаптарды иретке келтирүү максатында «Азия Сталь» заводунун мештеринин ишин убактылуу токтоткон. Учурда ишканада өндүрүштү модернизациялоо жана абаны тазалоочу чыпкаларды жакшыртуу иштери жүрүп жатат.Возможно, это изображение динамик, помост и текст

Кыдыруудан кийин депутаттык комиссия Жайыл райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда жашоочулар экологиялык абал, анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жана өндүрүш ишканаларынын жоопкерчилиги боюнча көйгөйлөрдү көтөрүп, аларды чечүү боюнча сунуштарын айтышты.

Депутат Чолпон Эсенаманова аймактагы ыш маселесин жыл башынан бери көтөрүп келгенин жана анын негизинде убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул жолку көчмө жыйындын жүрүшүндө тургундар билдирген көйгөйлөр жеринен изилденди.

Ал эми депутат Улукбек Узакбаев экологиялык абал Жайыл районунун тургундарын көп жылдан бери тынчсыздандырып келе жатканын айтып, маселени системалуу чечүү зарылдыгын белгиледи.Возможно, это изображение нефтеперерабатывающий завод

«Бул ишибиздин жыйынтыгы болушу керек. Маселени бүгүн эле көтөрүп коюу менен чектелбестен, аны системалуу түрдө, мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүүбүз зарыл», — деди ал.

Депутат Бактыбек Чойбеков Кара-Балтадагы экологиялык абалды жакшыртуу тиешелүү мамлекеттик органдардын түздөн-түз милдети экенин белгилеп, жарандардын саламаттыгы биринчи орунда турушу керектигин айтты. Ошондой эле көйгөйдү ар тараптуу изилдеп, аны чечүүнүн жолдорун аныктоо үчүн комиссиянын отурумдарын жана көчмө жыйындарын улантуу зарылдыгына токтолду.

Комиссиянын төрайымы Махабат Мавлянова экологиялык коопсуздук маселеси Кара-Балтага гана тиешелүү болбостон, өлкөнүн башка аймактарында да кездешерин белгиледи. Ал экологиялык абалды жакшыртууда жергиликтүү тургундардын пикирин эске алуу жана мыйзамдык базаны өркүндөтүү маанилүү экенин айтты.

Депутаттык комиссиянын көчмө жыйынынын максаты — экологиялык көйгөйлөрдүн себептерин жеринен аныктоо, калктын кайрылууларын угуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте аларды чечүүгө багытталган натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу.

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X