Кара-Шоро айылында жаңы ички жол ачылды

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114

Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагында 1 чакырымга жакын ички жолдун курулушу аяктап, бүгүн, 10-ноябрда пайдаланууга берилди.

Жолдун ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбазов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалыматка ылайык, жол курууга жалпысынан 6 млн 299 миң 963 сом жумшалган. Анын 5 млн 199 миң 963 сому Өнүктүрүү фондунан, 1 млн сому жергиликтүү бюджеттен, 100 миң сому элдин салымынан каржыланган.

Ачылыш аземинде Аманкан Кенжебаев жол инфраструктурасын жакшыртуу айыл тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу каттамды камсыз кылууга, жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө болорун белгиледи.

Ал эми жергиликтүү тургундар жолдун курулушуна салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдиришти.

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X