Кара-Сууда 24 жарандын эмгек акысын бербеген эки шектүү кармалды
Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы Туратали базарында курулуш иштерине тартылган 24 жарандын эмгек акысын төлөбөй койгон эки жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн 1989-жылы туулган М.Ю. жана 1981-жылы туулган К.О. аттуу жарандары Туратали базарындагы соода борборунун курулуш иштерине жергиликтүү тургундарды жумушка тартып, аткарган эмгеги үчүн акысын төлөп берүүнү убадалашкан.
Бирок курулуш иштери аяктагандан кийин алар ар кандай шылтоолорду айтып, 24 жарандын эмгек акысын төлөбөй, ушул күнгө чейин жоопкерчиликтен качып жүрүшкөн.
Аталган факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын алдын ала суммасы 1 миллион 920 миң сомду түзөт.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары уланууда.