Кара-Сууда каналга 23 жаштагы бала чөгүп кетти
16- июнда Кара-Суу районуна караштуу Курбан-Кара айылындагы Савай каналына 23 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу редакцияга ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, ал 1999-жылы туулган М.С. аттуу жаран болгон.
Жерине Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.
Издөө иши караңгы киргендигине байланыштуу токтотулуп, бүгүн, 17-июнь күнү улантылып жатат.