Караколдо көп кабаттуу үйдүн батири күйдү
Ысык-Көлдө көп кабаттуу үйдүн батири күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 06-июль түнкү саат 00:30 чамаларында Каракол шаарынын Восход кичи районунда жайгашкан көп кабатту үйдүн бир батири күйүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылган. Өрт саат 01:01де чектөөгө алынып, саат 01:30 да толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок. Жалпысынан 8 чарчы метр үйдүн ичи жана үй оокаттары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.