"Эркин-Тоо"

Карылык глобалдык экономикалык өсүштү жайлатат

Адамдардын улгаюсу глобалдык экономикалык өсүштү кийинки беш жыл аралыгында жылына 0,9 пайызга төмөндөтөт. Эң “улгайган” регион Европа болот деп бүтүм чыгарышты Moody’s аналитикалык агенттигинин эксперттери.

Алардын божомолунда Германия, Япония, Италия, Корея сыяктуу мамлекеттерде ишке жарамдуу курактагылардын саны кыскарат. Калктын картаюусу фискалдык жүктү оорлотот. Ал эми АКШ менен Улуу Британияда алдыңкы он жылда ишке жарамдуу калктын саны өсөт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун критерийлери боюнча эгерде 65 жаш курактагылардын саны 7%дан ашса мындай өлкөнүн калкы кары деп эсептелет.