Каржы пирамидасы түзүп, ири суммадагы акча менен өз өлкөсүнөн качып кеткен кытай жараны Бишкектен кармалды

25-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 45

Өз мекенинде каржы пирамидасын түзүү жолу менен ири суммадагы акча каражатын ээлеп алган Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кытай жараны Чж.Ч. Пекин шаарындагы компаниялардын биринин башкаруучусу кезинде 2013-жылдын март айында алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 млн юань суммасындагы депозитти алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча чет өлкөлүк жаран Ч.Ч.га карата Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча эл аралык издөө жарыяланган.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлеринин мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүшкөн иш-чараларынын жүрүшүндө 2013-жылы Кытайдан Кыргызстанга келген жаран 1971-жылы туулган Чж.Ч. аныкталган. Ал 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн жана расмий органдарга өзүнүн келгендигин мыйзамдаштыруу үчүн кайрылган эмес.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргызстандагы Интерпол улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүшкөн иш-чаралардын жүрүшүндө 2022-жылдын 14-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан Кытайдын жараны 1971-жылы туулган Чж.Ч. кармалган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Чж.Ч. карата №1-тергөө абагына 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө. КР Башкы прокуратурасы аны өз өлкөсүнө эсктрадициялоо тууралуу маселени карап жатат.

25-апрель, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X