Каржылоо көбөйүп, дарылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 81

Кыргызстанда онкологиялык жана онкогематологиялык ооруларга чалдыккан балдарга медициналык жардам көрсөтүү системасы ырааттуу түрдө чыңдалууда . Акыркы жылдары бул тармакка мамлекеттик каржылоону көбөйтүү, диагностиканын сапатын жогорулатуу, заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү колго алынууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо минимтрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматына таянсак Жогорку технологиялуу жардам фондунун алкагындагы колдоо 10 миллион сомдон 20 миллион сомго, андан кийин 100 миллион сомго жеткен. Ал эми 2025-жылы каржылоонун көлөмү 200 миллион сомду түзгөн. Аталган иштер бул тармакка багытталган мамлекеттик саясаттын натыйжасы болуп саналат. Каржылоонун көбөйүшү менен дарылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, дарыдармек менен камсыздоо, анын ичинде шишикке каршы препараттарга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга, ошондой эле заманбап диагностика ыкмаларын жана жогорку технологиялуу медициналык жардамды киргизүүгө шарт түзүлдү. Онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга медициналык жардам Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында, ошондой эле Ош шаарында көрсөтүлөт.

ИММУНОФЕНОТИПТӨӨ ЛАБОРАТОРИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ

Иммунофенотиптөө лабораториясы түзүлүп, бейтаптарга изилдөөлөр жүргүзүлө баштады. Бул кандын же жүлүндүн клеткаларынын (айрыкча лимфоциттерди) үстүндөгү атайын белоктор (CD-маркерлер) аркылуу терең изилдөөчү лабораториялык ыкма болуп эсептелет. Бул анализ көбүнчө иммундук статусту баалоодо, аутоиммундук, гематологиялык ооруларда так диагноз коюу үчүн дайындалат. Ошондой эле, быйыл шишиктин өзгөчөлүктөрүн так аныктоого жана дарылоо тактикасын туура тандоого мүмкүндүк берген молекулярдык-цитогенетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ФИШ-лабораториясын өнүктүрүү долбоору ишке ашырылууда. Аны менен катар дарыгерлер тарабынан 2024-жылы Кыргызстанда гемопоэтикалык өзөк клеткаларын аутологиялык трансплантациялоо операциясы жүргүзүлгөн. Бул «онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болду» дешет дарыгерлер.

БЕЙТАПТАРГА ЖАНА ЖАКЫНДАРЫНА ЖАҢЫ ШАРТТАР

Ошондой эле узак мөөнөттүү дарылануудан өтүп жаткан балдар жана алардын ата-энелери үчүн пансионатты өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул аймактардан келген үй-бүлөлөргө дарылоо учурунда медициналык мекеменин жанында жашоого шарт түзөт. Медицина кызматкерлерине онкологиялык оорулардын мүмкүн болгон белгилерин өз убагында аныктоого жана балдарды кошумча текшерүүгө жөнөтүүгө жардам берген «кызыл желектер» системасы киргизилүүдө. 2023-жылы Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Балдар арасындагы рак ооруларына каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгесине кошулган. Бул эл аралык кызматташтык тажрыйба алмашууга, адистердин квалификациясын жогорулатууга жана заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүүгө өбөлгө түзүүдө.

ТРАНСПЛАНТАЦИЯ – ООРУДАН САКАЮУНУН БИР ЖОЛУ

Кыргызстанда кан ооруларын (лейкоз, лимфома, апластикалык анемия ж.б.) дарылоодогу эң маанилүү кадам болгон сөөк чучугун (костный мозг) жана клеткаларды трансплантациялоо багыты туруктуу жолго коюлууда. Биринчи операция 2024-жылдын экинчи жарымында өлкө тарыхында биринчи жолу балага аутологиялык трансплантация (бейтаптын өзүнүн дени сак стволдук клеткаларын кайра өзүнө көчүрүү) ийгиликтүү жасалган. Бул операция Лимфома Ходжкина менен жабыркаган өспүрүм кызга жасалып, жыйынтыгы жакшы болгон. 2026-жылы болсо балдарга кеминде 3 ушундай операция жасоо пландалып, кийинки жылдары алардын санын ондон ашыруу максаты мерчемделүүдө. Дарыгерлер негизги артыкчылыктуу милдеттердин катарында молекулярдык-генетикалык диагностиканы өнүктүрүү, реанимация кызматын чыңдоо, трансплантациялоо технологияларын кеңейтүү жана заманбап шишикке каршы препараттардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарыл экенин белгилешет. Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча, жылына 200гө жакын баладан онкологиялык (рак) оорунун жаңы учурлары аныкталат.

Мээрим Бактыбек кызы

10-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 81
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X