Касым Тыныстанов — тарых барактарында алтын тамга менен калган инсан
Фольклор менен жазма адабияттын карым-катыш проблемасын изилдөөдө кыргыз адабиятчы окумуштуулары кыйла эмгектенип келишсе да, үзүрлүү адабият илиминин бул олуттуу маселеси бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогондуктан, анын ички жана тышкы байланыштарынын диалектикасын тереңдетип изилдөө проблемасы келечекте артыкчылыктуу багыттардын бири болуп кала бермек.
Кыргыз эли советтик деп аталган жаңыча жашоо ыңгайына туш келген кезде анын илим, маданият жана адабият салааларын камтыган гуманитардык багытында активдүү иштеп, кыргыз тил илимине негиз салып, профессионал адабияттын алгачкы үлгүлөрүн жаратып, көркөм котормонун да “тамырын тартып”, өз мезгили үчүн ашкере, дээрлик жаңычыл эмгектерди жараткан Касым Тыныстановдун феномени бүгүнкү күндө да бийиктен көрүнүп турат. Бул улуу инсандын чыгармачылыгы, өмүр-тагдыры тууралуу З.Бектенов, К.Асаналиев, К.Артыкбаев, С.Жигитов, А.Эркебаев, К.Даутов, О.Ибраимов, А.Акматалиев, М.Кошуева ж.б. адабиятчы, сынчы-окумуштуулар өз пикирлерин айтып келишкен.
Буга чейин К.Тыныстановдун чыгармачылыгына арналган 1991-жылы З.Бектенов менен А.Эркебаев түзгөн «Касым Тыныстан уулу», 2004-жылы О.Сооронов түзгөн «Капастан чыккан ырлар» китептери, 1991-жылы профессор К.Тыныстан уулунун 90 жылдык жана 2011-жылы 110 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-теориялык конференциясында жасалган баяндамалар, Курбанжан Пайзуллаеванын “Литературное наследие К.Тыныстанова” аталышындагы кандидаттык диссертациясы, Данил Тыныстановдун “Тыныстановы” даректүү баяны, Самсак Станалиевдин 2001-жылы чыккан «Чагылгандын көз жашы» романы, Абдумажит Мурзаевдин “Куугунтук”, Чабалдай Жаныбековдун “Касым Тыныстан уулу – маданий курулуш жолбашчысы”, Майниса Кошуеванын “Касым Тыныстановдун лингвистикалык мурастары”, ушул эмгектин авторунун «Касым Тыныстанов – кыргыз илиминдеги жылдыз» аттуу китептери, “Касым Тыныстановдун көркөм дүйнөсү” кандидаттык диссертациясы жана 1988-жылдан бери басма сөз беттеринде үзгүлтүксүз жарыяланып келаткан ал жөнүндөгү макалалар менен эскерүү-эсселерди атасак болот.
К.Тыныстанов «Манасты» орус тилине өзү которгондон башка да, аны жогорку деңгээлде бүткөрүү үчүн ошол учурда дүйнөгө таанымал, 16 тилде эркин сүйлөп, жазып, 20дай тилди түшүнгөн тилчи-окумуштуу, профессор Е.Д.Поливановду, белгилүү этнограф С.М.Абрамзонду чакырып, музей уюштурууну, чыгаан тарыхчы В.В.Бартольдду чакырып, кыргыз тарыхын жазып берүүсүн өтүнгөн. Этнограф-музыка таануучу А.В.Затаевичти чакырып, Кетмен-Төбөдөн Токтогулду, Жолойду, Чоң-Кеминден Мураталы Күрөңкеевди, Ысык-Көлдөн Кара Молдону алдырып, алардын комуз жана кыяк күүлөрүн жаздыртат. «Манас» эпосундагы «Манастын төрөлүшү», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат» бөлүмдөрүн орусчага которуу үчүн Л.Пенковский, М.Тарловский, С.Липкин, Ф.Ошкевич, Э.Беккер өңдүү мыкты котормочуларды Кыргызстанга чакырып, эл-жер менен тааныштырып, иштөөлөрүнө шарт түзүп, өзү да алар менен ийиндеш иштешип, «биз бардыгынан кечигип жатабыз, тезирээк элдин сабатсыздыгы жоюлуп, китептер чыгып, тарых жазылып, музейлер ачылып, «Манас» башка тилдерге которулушу керек»,- деп көп иштин алгачкы демилгечилеринен болгон. Касым кыргыз тилинен сырткары араб, орус, казак, өзбек тилдеринде окуп, жаза билген, латын, уйгур, азербайжан, дунган тилдеринде эркин түшүнүп, окуган. Ал өзү дагы адабий тилдин лексикалык казынасына бир канча жүздөгөн жаңы сөздөрдү таап киргизген. К.Тыныстанов сөз жасоо маселесинде улуттук белгини алдыңкы планга койгон. “Дүйнө, обоз, отор, сеп, сап, обон, күү, чордон, томоо, дар, мүчө, чыт К.Тыныстановдун сөз жасоодогу жеке табылгалары болуп саналат”, — дейт ОшМУнун доценти, Тыныстанов изилдөөчү Майниса Кошуева. К.Тыныстанов ХХ кылымдын башында казак тилчиси Ахмет Байтурсуновдун лингвистикалык китептеринен таалим алган. Адабиятчы Салижан Жигитов К.Тыныстановдун акындык өнөрүн жана сөз жасоодогу чеберчилигин ачып берген мыкты макалаларды жазган. Анын биринде мындай делет: “тилчибиз улуттук грамматиканын терминологиясын жана эрежелерин ойлоп чыгарууга келгенде чыгармачылык фантазиясы бай, сөз жасоо жагынан эпчил, тилдик туюму өткүр жан экенин көрсөткөн. Мисалы, айрым грамматикалык атамалар: ээ, баяндооч, аныктооч, үтүр, илеп белгиси, чекит, үнсүз тыбыш ж.б. этиш, сүйлөм, тыбыш, тамга, мүчө, ээ ж.б. атооч, жөндөмө, байламта, сырдык сөз ж.б. төл уңгуларыбыздын негизинде элдик сөз жасоо ыкмаларынын үлгүсүндө жасалма жол менен чыгарылган. Ал кыргыз жазма тилине үч-төрт эмес, бир короо жаңы сөз тартуулаган. Алардын баары эне тилине өзүнөн өзү жаралып калган төл сөздөрдөй кирип кетпедиби”, — деген.
К.Тыныстанов тыным албай, көп иштеген эмгекчилдиги менен ар тараптуу коомдук ишмер, кыргыз тил илимине негиз салган залкар окумуштуу, акын, прозаик жана драматург катары кыска өмүр сүрсө да ысымын тарыхтын көөнөрбөс барактарында алтын тамга менен калтырып кетти.
К.Тыныстанов – алгачкы кыргыз жазма адабияты менен маданиятынын көч башында өзүнчө үнү, жүзү, орду бар ар тараптуу инсан болгондуктан, анын биздин күнгө кыргыз, казак, орус тилдеринде келип жеткен чыгармачылыгы кыргыз элинин руханий, маданий жактан өнүгүшүнө чоң таасир берип, соолбос булак катары кызмат өтөп келе жатат.
Өзүнүн талыкпаган эмгеги менен К.Тыныстанов адабий, маданий, илимий ишмердиктерин ошол замандын бийик сересине көтөрүп, 35 жашында кыргыздан чыккан биринчи профессор болгон. Анын чыгармачылыгы көп кырдуу багытта өнүгүп, жаңыдан көз жарып келаткан жазма адабиятка үлгү болорлук чыгармаларын жараткан. К.Тыныстанов адабий жана илимий эмгектерин жаратуу менен гана чектелбестен, өзү жазган пьесаларды сахнага койдурганга үлгүргөн. Өзү коомдук иштерге да активдүү аралашып, Кыргызстандын илиминин, маданиятынын пайдубалын түптөгөндөрдүн көч башында турган.
Ал 1926-жылы кыргыз элинде бир да журнал жок экенин эске алып, каражаттын жоктугун шылтоолоп отура бербей, өзү акча чогултуп, журнал чыгаруу тууралуу демилге көтөрүп, аны Төрөкул Айтматов колдоп, экөө “Эркин Тоо” газетасынын 1926-жыл, 7-апрель № 113 санына атайын чакырык менен кайрылуу жасап, өздөрү 10 сомдон чыгарышып, алардын артынан башкалар да акча чогултушуп, 1928-жылдын май айында “Жаңы маданият жолунда” деп аталган журналдын биринчи саны жарык көрөт. Жооптуу редактор К.Тыныстанов болуп, редколлегия мүчөлүгүнө Т.Жолдошев, Б.Исакеевдер кирет. Кийин ал “Эл агартуу” журналы болду.
К.Тыныстанов аз жашаса да көптү көрүп билген, көп иштерге эрте аралашып жетилген, сезимтал, таланттуу адам болгон. Анын таланты оргуп-ташып, күчүнө толуп турган чакта, тилекке каршы, чыгармачылыгы өтө опурталдуу, татаал мезгилге туш келген. Кыйчалыш турмушта акын, жазуучу, драматург жана илимий ишмер К.Тыныстанов канчалык оор кыйынчылыктарга туш болуп турса да, чыгармачылыгы менен өз доорунун саясий, илимий, адабий, коомдук иштеринде, ар бир тармакта “майын чыгара” иштей билген.
Акын өзүнүн чыгармачылыгын 14-15 жашынан баштаса да 20-25 жашында негизги ырларын жазып, 36 жашка чейин ар түрдүү жанрдагы чыгармаларын жаратууга жетишкен. Ал өзү курдуу жолдошторунан айырмаланып көп окуган, көп изденген. К.Тыныстанов өз ырларында башка акындардай эле пейзаждык мыкты ырлары менен бирге моралдык-этикалык, социалдык-философиялык мазмундагы лирикасы менен окурмандарга кеңири таанылган. Өзүнө таасир эткен турмуштук көрүнүштөрдү катаал реализм принцибинде сүрөттөп бере алган.
1926-жылы Баку шаарында түрк тилдүү элдердин 1-сьезди өтөт. 1926-жылдын 26-февралынан 5-мартына чейин өткөрүлгөн Түркология сьездинде Касым латын алфавитине өтүүнүн зарылдыгы тууралуу баяндап, түрк тилдүү элдердин маданияты, адабияты, илими карым-катышта бирдей өнүгүүсү үчүн чоң өбөлгө болооруна басым жасап, доклад окуйт. Баяндаманын тезиси менен өзбек, казак, азербайжан, татар эл агартуу ишмерлери таанышып, ага катышкан ири окумуштуулар В.Бартольд, С.Ольденбург, Б.Чобанзаде, К.Юдахин, А.Самойлович, Л.Щерба, С.Маловдор жактырышат. Бакудан келгенден кийин Касым ал жөнүндө кенен макала жазып, “Эркин Тоо” гезитинин 1926-жылдын 8-апрелдеги санына жарыялайт.
Тилчи-окумуштуунун тил илимине арналган “Хрестоматия”, “Окуу китептери”, “Эне тилибиз” “Тил сабагы”, “Жаңы айыл”, “Терминдер”, “Кыргыз тилинин морфологиясы” (5-6-жыл үчүн тил сабактары), “Кыргыз адабий тилинин орфографиясынын долбоору”, “Кыргыз тилинин сиктаксиси” (6-7-8-жыл үчүн) окуу китептери 1924-жылдан 1936-жылга чейин мектеп окуучулары үчүн тынбай чыгып турган. Жетекчи кызматтарда 1925-жылдан баштап иштеген. Жашыраак кезинде журналист катары гезит, журналдарда иштесе, ага удаа эле акын-жазуучу, драматург катары тарыхый драмалары, поэмалары жарык көрүп, сахналарда аткарылып турган. Котормо ишинде да ийгиликтерди жараткан. “Манас” эпосунун “Чоң казатын” орусчага которуп, ал томго өзү редактор болуп баш сөзүн жазат. Орус акындарынын бир топ ырларын кыргызчага которуп, “Өзгөрүш ырлары” деген котормо жыйнагын чыгарат.
1931-1932-жылдары “Академия кечелери” жана “Үч доор” тарыхый драмаларын жазып, алар сахнага коюлган. Кийин илимий иштерге баш оту менен киришкен.
Кандай гана атабайлы, Касым Тыныстанов көп иштердин баарын кыска убакыттын ичинде чуркап жүрүп жасаган. Анын өмүрү 37 жаш менен гана токтойт. 1938-жылы 137 кишинин арасында атылып, сөөгү Ата-Бейиттен эгемендик келгенден кийин 1991-жылы табылган.
Сымбат Максутова, филология илимдеринин кандидаты