Касымалиев Кыргызстандын жетишкендиктерин санап берди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) Экономикалык форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Форумдун катышуучуларын куттуктап жатып, МинКаб Төрагасы форумдун Бишкекте өтүшү Кыргыз Республикасынын СПЕКАга төрагалык кылган жылында өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгиледи.

«Биз бул миссияны биздин аймактын өлкөлөрү ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого практикалык салым кошуу мүмкүнчүлүгү катары карап жатабыз», – деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

МинКаб Төрагасы акыркы жылдары Кыргыз Республикасы эл аралык аренадагы ишмердигин ырааттуу түрдө активдештирип, кызматташуунун географиясын кеңейтип, өнөктөш мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү чыңдап жатканын баса белгиледи.

Ал 2026-жыл Кыргызстан үчүн эл аралык иш-чаралардын жогорку интенсивдүүлүгү, тышкы экономикалык байланыштардын чыңдалышы жана өлкө экономикасындагы масштабдуу өзгөрүүлөр менен белгиленген өзгөчө мезгил болгонун белгиледи.

Маанилүү окуялардын бири катары Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын атады. Ал бул факт эл аралык коомчулуктун Кыргызстанга болгон жогорку ишенимин айгинелеп турарын баса белгиледи.

МинКаб Төрагасы ошондой эле СПЕКАга катышуучу өлкөлөрдү кошо алганда, 100дөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрүн бириктирген VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

Адылбек Касымалиев өлкө экономикасындагы оң динамиканы белгиледи. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 4 өлкөнүн катарына кирди.

2026-жылы S&P Global Ratings жана Fitch Ratings эл аралык рейтингдик агенттиктери Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингдерин тиешелүүлүгүнө жараша «B+» жана «B» деңгээлдеринде, «туруктуу» болжол менен тастыкташты. Moody’s агенттиги Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтингин «B3» деңгээлинен «B2» деңгээлине чейин, «туруктуу» болжол менен жогорулатты.

МинКаб Төрагасы кредиттик баалардын оң динамикасы эл аралык инвесторлордун ишенимин чыңдоого, эл аралык капитал рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана тышкы каржылоону тартууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Сөз сүйлөөдө Кыргыз Республикасынын СПЕКАга төрагалыгына өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев Кыргызстан төрагалыкты жалаң гана эл аралык функция катары эмес, аймактык кызматташуунун жаңы сапатын калыптандырууга салым кошуу мүмкүнчүлүгү катары карап жатканын баса белгиледи.

Жыйынтыгында МинКаб Төрагасы форум катышуучуларына конкреттүү сунуштар менен алмашууга, кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоого жана андан ары практикалык ишке ашыруу үчүн демилгелерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X