«Катышуу музейи» программасы Ысык-Көл облусундагы музейлердин ишинин жыйынтыгын көрсөтөт
2022-жылдын 16-апрелинде Бишкек заманбап искусство мектеби (БишСи) «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен Ысык-Көл районундагы музейлердин кызматкерлери үчүн 2021-жылдын августунан 2022-жылдын мартына чейин жүргүзүлгөн «Катышуу музейи» билим берүү программасынын жыйынтыктарынын бет ачаарын өткөрөт.
Уюштуруучулар программанын жүрүшүндө кесиптештерин кантип даярдашканы, кандай публикацияларды, изилдөөлөрдү жана эмне көргөзмөлөрдү өткөрүшкөнү тууралуу айтып беришет. Иш-чара саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин кинолекториясында башталат.
Мында «Катышуу музейинин» авторлору өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүшүшөт, анын ичинде жергиликтүү коомчулукту жана дараметтүү аудиторияны изилдөө бар. Аларды азыркы тапта Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругуна, Чоң-Сары-Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы борборуна барып көрсө болот.