Казакстан өлкөдөн кумшекерди сыртка алып чыгууга тыюу салды

13-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 33

Коңшу өлкөдө кумшекерди сыртка алып чыгууга алты айга чейин тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Аталган буйрукка коңшу мамлекеттин айыл чарба министри 4-майда кол койгон.

«Казакстандын Айыл чарба министрлигине Евразия экономикалык комиссиясына аталган чектөөнү киргизүү боюнча кабарлап коюу тапшырылган. Буйрук күчүнө документ расмий жарыяланган соң, 10 календардык күндөн кийин кирет», — деп айтылат маалыматта.

13-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X