Казакстандык жаран чек арадан мыйзамсыз өткөн

18-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 53

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Казакстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-март күнү Бишкек шаарынын аймагынан Казакстандын жараны 1969-жылы туулган З.Ф. кармалган. Анын айтымында,  2019-жылы Казакстандагы компанияларга ири суммадагы акча  карыз болуп калат. Аны төлөөдөн качуу максатында 2019-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Алынган маалымат боюнча, казак жараны Кыргызстанга келгендиги тууралуу маалыматтар жок экени аныкталган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү  менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

18-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X