Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келди

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев менен Олжас Бектеновдун сүйлөшүүлөрү өтөт. Ошондой эле өкмөт башчылары Кыргызстан менен Казакстандын аймактар аралык кызматташтыгы боюнча экинчи форумга катышып, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынын өткөрүшөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X