Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга аскердик жардам көрсөтүү боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду.

11-июнь, 2022-ж. / Редакция / Башкы кабар 40

Макулдашууга 2021-жылдын 7-декабрында кол коюлган жана кыргыз тарапка берилчү аскерий мүлктүн көлөмү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылган.

«Казакстан аскердик жардамды Кыргызстанга автомобиль менен жеткирүү боюнча чыгымдарды көтөрөт. Кыргыз тарап алынган аскердик мүлктү коопсуздук максатында гана пайдаланат, үчүнчү жакка бербейт, КМШ өлкөлөрүнө каршы пайдаланбайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Жардамдын негизги максаты аймактык коопсуздукка салым кошуу үчүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн дараметин бекемдөө экени кошумчаланды.

 

11-июнь, 2022-ж. / Редакция / Башкы кабар 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X