"Эркин-Тоо"

Казакстандын УККсы чек арадагы кырдаал тууралуу түшүндүрмө берди

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал жана аныкталган мыйзам бузуулар тууралуу маалымат таратты.

«Кыргыз-казак чек арасындагы «Карасу» (КР) – «Ак-Тилек» (КР) өткөрүү пунктунда өткөн суткада 350дөн ашык унаа Казакстандын аймагына киргизилди. Учурда 80-100 унаадан турган кезек бар. Чек аранын казак-кыргыз тилкесиндеги башка автокөзөмөл бекеттеринде унаалар топтолгон жок», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, чек арачылар текшерүү учурунда көзөмөл өткөрүү жайларында мыйзам бузууларды аныктоо максатында унаалар техникалык кароодон өтүүчү жабдуулар жана кызматтык иттердин жардамы менен текшерилген.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев өкмөткө абалды жөнгө салууну тапшырган. Ага дейре бир нече күн казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралган. Казак тарап муну баңгизатка каршы текшерүүлөр жүрүп жатканы менен түшүндүргөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!