Кийит кийгизүү, себет берүү, конок берүү, түштөнтүүгө тыюу салынат

28-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33
Өлкөдө той-аштарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоору даярдалды. Документ коомдук  талкууга чыгарылды. Мыйзам долбоорун депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев иштеп чыккан.
Мыйзам долбоору боюнча маркумду узатууда:

катышуучулардын саны чектелбейт. Мал союлбайт;

үч күндөн кийин маркумду эскерүү иш-чарасы (куран окутуу) бир жылкы же бодо мал союу менен өткөрүлүшү мүмкүн;

үчүлүк, жетилик, кыркы жана жылдыгын өткөрүүгө тыюу салынат.

Тойлорду өткөрүүдө сактала турган эрежелер:

үйлөнүү тойго бир бодо же жылкы союлуп, 250дөн ашпаган конок чакырылат;

кыз узатууда бир бодо же жылкы союлуп, коноктор 100дөн ашпашы керек;

эгерде үлпөт той жана кыз узатуу бир өтсө, бир бодо же жылкы союлуп, коноктор 350дөн ашпашы керек;

үйлөнүүгө байланышкан салтанатка катышкан автоунаанын саны үчтөн ашпашы керек;

кийит кийгизүү, себет берүү, конок берүү, түштөнтүү сыяктуу ысырапка учураткан үрп-адаттарга тыюу салынат;

ажылыкка, умра зыяратына баргандарды узатуу жана тосуп алууга тыюу салынат. Бул ырасымдар үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүлүшү мүмкүн.

Мыйзамды бузгандарга төмөнкүдөй айып каралган:

той ээсине 300 000 сом; салтанат өткөрүлгөн жердин ээсине 100 000 сом;

сөөк коюу жана аза күтүүнү уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактарга 200 000 сом.

Буларды көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, шаарлардын мэрияларында каада-салттарды, майрамдарды жана салттарды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү комиссиялар түзүлөт.
28-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X