Кимдерге рейддик салыктык текшерүү убактылуу токтотулду?

23-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67

Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотту.

Бул чечим учурдагы экономикалык шартта ишкерлерди колдоо, бизнеске түшкөн административдик басымды азайтуу жана иш жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында кабыл алынды.

Аталган чара бирдиктүү салыктын төмөнкү ставкалары менен иштеген жеке ишкерлерге, патент негизинде эмгектенгендерге, өзгөчө соода зоналарындагы ишкерлерге жана тигүү-текстиль тармагында иш жүргүзгөндөргө тиешелүү.

Ошол эле учурда салыктык каттоосу жок иштегендерге, даттануулар түшкөн же мыйзам бузгандыгы аныкталган субъекттерге, салык төлөбөгөндөргө жана акциздик товарлар менен алектенгендерге бул жеңилдик колдонулбайт.

Мындан тышкары, Салык кызматы ККМ, эсеп-фактура жана накталай эмес төлөм каражаттарын колдонуу боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, практикалык жардам көрсөтө турганын билдирди.

23-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X