Кочкор райондук ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон 55 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүштү

14-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 40

2022-жылдын 11-апрель күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы жана жеке демөөрчүлөр менен биргеликте бөлүмдүн көчмө кабылдамасы менен район аймагындагы Кочкор, Арсы, Кара-Тоо, Теңдик, Ак-Жар, Кум-Дөбө, Бугучу, Чолпон жана Көбөнгөнсай жаңы конуштарда жашаган тургундар менен жолугушту.

Аталган айылдарда жашаган жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдөн, жалгыз бой энелерден, жарым жетимдер жана 1-2-топтогу майыптардан кабар алып, ал абалын суроо менен Ыйык Орозо айынын урматы менен өздүк курамдын атынан муктаждыгы бар жалпы 55 үй-бүлөгө материалдык жана акчалай жардамдар көргөзүлдү.

Жергиликтүү тургундар өз кезегинде милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап өтүштү.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы

14-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X