«Көчмөн оюндары» тасмасынын көрсөтүлүшү өттү
3-сентябрда Көчмөндөр оюндарынын алкагында «Рух Ордо» маданий комплексинде «Көчмөн оюндары» кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлдү.
Тасманын режиссёру Гүлнур Канат. Картина Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.
Көрсөтүүгө жергиликтүү көрүүчүлөр менен катар Кыргызстанга келген чет элдик туристтер да катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө тасманын мазмуну жана чыгармачылык топтун эмгеги тууралуу маалымат берилди.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар улуттук кинематографияны жайылтуу менен бирге кыргыз элинин маданиятын, салт-санаасын жана руханий баалуулуктарын чет элдик конокторго таанытууга өбөлгө түзөт.