Көчмөн рухунун жаңы мейкиндиги
Өткөн аптанын жекшемби күнү, 2026-жылдын 31-августунда борбор шаарыбызда жаңы курулган “Бишкек Аренада” Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен катар өткөн бул иш-чара спорттук мелдештердин башталышын гана билдирбестен, өлкөнүн тарыхын, маданий мурасын анан да эл аралык амбициясын бир сахнага чогуу чыгарган символдук окуя болду. Ачылышка 30 миңден ашуун көрүүчү күбө болуп, 104 өлкөдөн келген спортчулардын делегацияларынын парады Олимпиадалык парадга окшош алфавиттик форматта өткөрүлдү. Аземге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен бир катар чет мамлекеттердин лидерлери катышты. Эл аралык алкактагы иш-чаранын ачылыш аземинин 31-августка – улуттук майрамга белгилениши анын саясий, символдук маанисин күчөттү. Эгемендүүлүк күнү Кыргыз мамлекетинин азыркы суверендүүлүгүн билдирсе, Көчмөндөр оюндары ошол мамлекеттин тарыхый жана маданий тамырын көрсөттү. Улуттук майрам менен дүйнөлүк иш-чаранын айкалышкан аземинде өткөн доор менен бүгүнкү күн, салт менен заманбап мамлекеттүүлүк бир бүтүн баяндын жуурулушкан эки бөлүгү катары мыкты берилди.
Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы менен жаңы 51 миң орундуу спорттук аренанын пайдаланууга берилиши, Кыргызстан үчүн тарыхый маанидеги окуя болду. 2026-жыл биздин өлкө үчүн өзгөчө маанилүү окуяларга бай тарыхый жыл болуп калды. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн кайрадан өзүнө бурган Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндары жана өлкөнүн тарыхындагы эң ири спорттук курулуштардын бири, 51 миң орундуу “Бишкек Арена” стадионунун пайдаланууга берилиши бири-бири менен ширелишип, жаңы доордун өзгөчө символун жаратты. Албетте бул жөн гана спорттук объекттин ачылышы эмес, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга болгон жаңы мамиленин, заманбап спорттук базаны түзүүнүн, Кыргызстандын эл аралык аренадагы ордун бекемдөөгө умтулган иш-аракетинин кубанычтуу натыйжасы деп айтсак жаңылышпайбыз. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү – 31-августта жаңы курулган “Бишкек Аренанын” он миңдеген көрүүчүлөргө эшигин ачып, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчулар менен делегацияларды кабыл алышынын өзүндө чоң ийгиликтин башаты жатат. Эгемендүү мамлекеттин жаңы тарыхы мындан ары “Ынтымак Ордо,” “Ырыс Ордо” “Бишкек Арена” сыяктуу жаңы имараттарда, жаңы жолдордо жазыла баштаары талашсыз. 51 миң орун, бул санды жөн гана стадиондун сыйымдуулугу катары кабыл алуу аздык кылат. 51 миң, бир эле учурда он миңдеген адамдарды кабыл ала турган, эл аралык талаптарга жооп берген, заманбап спорттук, саясий, маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн ири инфраструктуралык кубаттуулуктун көрсөткүчү. “Бишкек Арена” өлкө тарыхындагы эң ири спорттук курулуштардын бири катары Кыргызстандын спорттук инфраструктурасынын жаңы барагын ачты. “Бишкек Аренада” өткөн Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өзүнүн масштабдуулугу, көркөм чечимдеринин мазмундуулугу жана жогорку уюштуруучулук деңгээли менен Кыргызстан үчүн маанилүү маданий-тарыхый окуяга айланды. Ачылыштын даярдыгы бир гана стадиондун ичин жасалгалоо менен чектелбестен, анын айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жалпы көрүүчүлөр, спортчулар үчүн заманбап инфраструктураны уюштуруу сыяктуу комплекстүү иштерди камтыды. Мисалы, арена аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулганы иш-чарага болгон даярдыктын масштабын көрсөтөт.
Эң башкысы, жасалга менен уюштуруу чечимдери Көчмөндөр оюндарынын идеялык өзөгүнө, улуттук тарыхты, маданиятты жана көчмөн цивилизациясынын рухун заманбап формада дүйнөгө таанытууга багытталганы байкалды. 30 миңден ашуун көрүүчү күбө болгон ачылышта спорт, маданият жана улуттук салттар бир бүтүн көркөм композицияга айланганы кубанычтуу окуя болду. Буга чейин Кыргызстанда мындай масштабдагы заманбап стадиондун жоктугу ири эл аралык мелдештерди өткөрүүдө белгилүү бир чектөөлөрдү, тоскоолдуктарды жаратып келген. Эми бул тоскоолдуктун ордуна жаңы мүмкүнчүлүк ээлеп отурат. Кыргызстан мындан ары дүйнөлүк спорттук иш-чараларга жөн гана катышуучу эмес, аларды өз аймагында өткөрүүгө даяр өлкөлөрдүн катарына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул мамлекеттин аброю үчүн да, спорт үчүн да, экономика үчүн да маанилүү көрсөткүч. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2014-жылы башталган. Ошол кезде дүйнө коомчулугуна кыргыз элинин улуттук спортун, салт-санаасын, маданиятын жана көчмөн цивилизациясынын уникалдуу мурасын көрсөтүү идеясы жаңы көрүнүштүн долбоору болчу. Бүгүн бул идея бүткүл дүйнөлүк масштабдагы маданий-спорттук кыймылга айланып баратат. Көчмөн элдердин улуттук салттуу оюндары менен XXI кылымдын заманбап стадионунун бир мейкиндикте кездешүүсү жөн гана кооз көрүнүш эмес, Кыргызстан өзүнүн басып өткөн доорун, тарыхын сыйлоо менен келечекке ишенимдүү кадам таштап баратканын көрсөткөн күчтүү символ. “Бишкек Аренанын” архитектуралык ансамблинде боз үйдүн философиясы менен заманбап архитектуранын айкалышы да ушуну айгинелеп турат. Биз өткөндү музейге айлантып сактап коюп жашай турган эл эмес, аны бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык жаңыртып, дүйнөгө тааныта ала турган улут – мамлекет экенибизди далилдей алдык. “Бишкек Арена” спорттун гана эмес, мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнүн көрсөткүчү болду. Мамлекеттин өнүгүүсүн бир гана ички дүң продукциянын көлөмү же бюджеттин киреше бөлүгү менен арифметкалык өлчөө жетишсиз. Өлкөнүн мына ушундай заманбап инфраструктурасы да анын өнүгүү деңгээлин иш жүзүндө көрсөтө алат.
Заманбап аэропорт, сапаттуу жол, жаңы социалдык, энергетикалык объектилер, маданий борборлор менен эл аралык стандарттагы спорттук арена, мунун баары мамлекеттин уюштуруучулук жана экономикалык мүмкүнчүлүгүнүн материалдык көрүнүшү. Ушул жагынан алганда “Бишкек Арена” Кыргызстандын жаңы инфраструктуралык мүмкүнчүлүгүнүн маанилүү көрсөткүчү боло алды.
Анткени мындай объектти куруу үчүн бир гана каражат жетишсиз. Ага мыкты долбоор, техникалык талап, курулуш маданияты, күчтүү заманбап кесипкөй адистер, анан да бирдиктүү уюшкандык керек. Эң негизгиси, мамлекеттик чечимди конкреттүү натыйжага жеткирүү жөндөмү талап кылынат.
Ошондуктан стадиондун пайдаланууга берилиши курулуштун бүткөндүгү менен гана өлчөнбөшү керек. Анын артында өлкөдө акыркы жылдары инфраструктурага болгон мамиле өзгөрүп бара жатканын көрсөткөн маанилүү тенденция турат. Кыргызстанды дүйнө эли көбүнчө Ала-Тоосу, Ысык-Көлү, боз үйү, көчмөн маданияты жана меймандос эли менен таанып келген. Бул биздин тарыхый жүзүбүз катары калыптанып калган.
Бирок, бүгүн дүйнө эли Кыргызстанды заманбап, курулуш жүргүзө алган, эл аралык стандарттагы инфраструктура түзө алган, дүйнөлүк иш-чараларды кабыл алууга даяр улут – мамлекет катары да тааныды. “Бишкек Арена” дал ушундай образды калыптандырууга салым кошту. Эгер бул жерде эл аралык футболдук беттештер, дүйнөлүк спорттук мелдештер, чоң саясий, маданий иш-чаралар өтүп турса, арена бара-бара Кыргыз-стандын эл аралык визиттик картасына айланары талашсыз. Заманбап спорттук объекттин өлкөнүн тышкы имиджине түздөнтүз таасир этиши мына ушундан көрүнөт.
Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын ачылышы Кыргызстандын дүйнөгө дагы бир жолу өзүнүн тарыхын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын таанытуусуна шарт түздү. Ал эми “Бишкек Арена” ошол эле дүйнөгө Кыргызстандын бүгүнкү мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп турат. Көчмөндөр оюндары – өткөн атабабалардын руху. “Бишкек Арена” – келечектин мүмкүнчүлүгү. Экөөнүн бир тарыхый күндө айкалышы бекеринен эмес. Кыргызстан өзүнүн тарыхын унутпай, келечекке карай кадам таштаган, улуттук баалуулукту сактоо менен заманбап технологияны өздөштүргөн өлкө. Дүйнөгө өзүбүздүн ким экенибизди көрсөтүү менен бирге, эмнеге жөндөмдүү экенибизди да көрсөтө алдык. 51 миң орундуу “Бишкек Арена” – дал ушул багыттагы олуттуу кадам. Эми анын трибуналары бош калбашы керек. Анын эшиги спортчулар үчүн дайыма ачык болушу керек. Анын сахнасында дүйнөлүк деңгээлдеги саясий, маданий, спорттук иш-чаралар өтүшү керек. Анын короосунда жаштардын кыялы канат кагышы керек. Ошондо гана бүгүнкү курулуш эртеңки муун үчүн темир-бетон имарат эмес, мамлекеттин келечекке болгон ишениминин эстелиги болуп калат. Кыргызстан өзүнүн эл аралык деңгээлдеги жаңы аренасын курду.
Эми ошол аренада жаңы жеңиштердин тарыхын жазуу кезеги келди. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен катарлаш – 31-августта жаңыдан курулган “Бишкек Аренада” өткөн Дүйнө лүк VI көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи масштабдуулугу, мазмундук тереңдиги жана уюштуруучулук деңгээли менен Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү эл аралык окуялардын бири болуп калды. Дүйнөнүн 104 өлкөсүнөн 3 миңден ашуун спортчунун катышуусу, мамлекет башчылары менен катар жогорку даражалуу коноктордун келиши бул иш-чаранын кадимки спорттук мелдештин чегинен чыгып, эл аралык маданийдипломатиялык форумдун деңгээлине көтөрүлгөнүн айгинеледи. Биринчиден, ачылыш аземи Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы уюштуруучулук дараметин көрсөттү. Буга чейин көчмөн элдердин улуттук салттуу оюндарын дүйнөгө тааныткан идея – бүгүн бир нече континенттин өкүлдөрүн бириктирген эл аралык кыймылга айланды. 104 өлкөнүн делегацияларынын катышуусу, Көчмөндөр оюндарынын географиясы кеңейип, анын эл аралык бедели бекемделип жаткандыгынын айкын көрсөткүчү болду. Спортчулардын парадынын олимпиадалык салтанатка жакын форматта өтүшү да иш-чаранын протоколдук жана символдук салмагын арттырды. Экинчиден, бул ачылыш Кыргызстан өзүнүн тарыхый-маданий мурасын заманбап шоу-индустриянын тили менен дүйнөгө көрсөтө аларын далилдеди.
Көчмөн цивилизациясынын философиясы, улуттук музыкасы, бийи, ат үстүндөгү оюндары жана салттуу маданияты заманбап сахналык чечимдер менен айкалыштырылды. Ачылышка жүздөгөн артисттер менен бийчилердин тартылышы, улуттук мурастын заманбап искусствого айкалышы салтанатка өзгөчө масштаб берди. Эл аралык чыгармачыл адистердин да тартылышы аренага коюлган шоунун техникалык жана көркөм деңгээлин көтөрүүгө багытталганын көрсөттү. Үчүнчүдөн, “Бишкек Арена” өзү ачылыш аземинин эң маанилүү символдорунун бирине айланды. Жаңы спорттук инфраструктуранын мындай ири эл аралык иш-чараны кабыл алышы Кыргызстандын заманбап спорттук объектилерди куруу жана аларды дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларга пайдалануу мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Болжол менен 30 миң көрүүчүнүн стадионду толтурушу менен жүздөгөн эл аралык журналисттердин иш-чараны чагылдыруусу аренанын коомдук жана эл аралык маанисин даана ачып берди. Эң башкысы, Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын ачылышы Кыргызстан үчүн өзүн дүйнөгө кеңири масштабда таанытуунун дагы бир чоң мүмкүнчүлүгүнө айланды. Бул жерде сөз медалдарда же спорттук рекорддордо гана эмес.
Сөз улуттук тарыхты, маданиятты жана мамлекеттик амбицияны бир чоң эл аралык сахнага алып чыгууда. Көчмөн элдердин мурасы бүгүн тарых барактарында гана калган көрүнүш эмес, заманбап дүйнөдө маданий байланыштарды бекемдей турган жандуу көпүрө экенин Бишкектеги салтанат дагы бир ирет тастыктап көрсөттү. Демек, 31-августтагы ачылышты Кыргызстандын заманбап жүзүн, уюштуруучулук мүмкүнчүлүгүн жана улуттук маданий брендин дүйнөгө көрсөткөн ийгиликтүү мамлекеттик-эл аралык долбоор катары баалоого толук негиз бар. Ошондуктан жалпы уюштуруучулардын, куруучулардын мындан аркы ишине зор ийгиликтерди каалайбыз.
Бахпурбек Аленов