Көчмөндөр цивилизациясын изилдөөгө 28 өлкөдөн окумуштуулар чогулду
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференция өтүүдө.
Иш-чарага дүйнөнүн 28 мамлекетинен мамлекеттик башкаруу, тарых жана маданий мурастарды изилдөө багытында эмгектенген окумуштуулар жана адистер катышууда.
Конференциянын ачылышында Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев саламдашуу сөзүн сүйлөдү. Ошондой эле ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев сөз сүйлөп, түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташтыгы тууралуу пикирлерин билдирди.
Конференциянын негизги максаты — көчмөндөрдүн тарыхын жана цивилизациялык мурасын изилдөө, сактоо, жаштар арасында жайылтуу жана бул багыттагы эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү.
