Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда илимдин биримдигин символдоштурган боз үй тигилди

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 166

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда «Бир түндүктүн алдында — илимдин бирдиктүү мейкиндиги» аттуу боз үйдүн түндүгүн көтөрүү аземи өттү.

Азем VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» эл аралык илимий конференциясына катышкан окумуштуулардын катышуусунда уюштурулду.

Ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү боз үйдүн ууктарын түндүккө бириктирип, өз өлкөлөрүнүн желектерин көтөрүштү.

Уюштуруучулар бул көрүнүштү эл аралык илимий кызматташтыктын, биримдиктин жана ар түрдүү илимий мектептердин диалогунун символу катары баалашты.

Аземде кыргыздын байыркы салты заманбап илимий кызматташтык менен айкалыштырылды.

 

3-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 166
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X