Көчмөндөр оюндарында “Сөйкө салуу” аземи көрсөтүлдү

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Каада-салттар” сынагында Ош улуттук драма театрынын артисттери “Сөйкө салуу” аземин көрсөтүштү.

Анда кыргыз элинин кыз узатуу салтынын маанилүү бөлүгү болгон сөйкө салуу жөрөлгөсү сахнада таасирдүү чагылдырылды.

Сынактын максаты улуттук каада-салттарды сактоо, жаш муунга жеткирүү жана кыргыздын маданий мурасын дүйнөгө таанытуу.

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X