“Көчмөндөрдүн Улуу балбаны” — наамын Орусиянын спортсмени алды

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80

Бүгүн,6-сентябрда “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөрдүн Улуу балбаны” — күрөшү болуп өттү.

Бул мелдешке күрөштүн 14 түрү боюнча жеңүүчү болгон спортсмендер абсолюттук салмак категориясында күч сынашты.

Мелдештин жүрүшүндө Кыргызстандык балбан Бактияр Мирлан уулу өзүнүн 14 каршылашын жеңип, суперфиналга жолдомо алды.
Суперфиналда ал V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү Орусиялык Монгуш Айдын менен беттешип, утулуп калды

Жыйынтыгында Орусиянын балбаны Монгуш Айдын“Көчмөндөрдүн Улуу балбаны” наамына ээ болду. Жеңүүчүгө 1 миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.

Ал эми Бактияр Мирлан уулу алтын медалга татыды.

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X