Көк бөрү: Кыргызстандын курамасына жеңиш үчүн 1 млн сом убада кылынды
Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасына жеңиш үчүн 1 млн сом сыйлык убада кылынды. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы билдирди.
Мындан тышкары, бир катар ишкерлер кыргызстандык улакчыларга ар бир төртүнчү салым үчүн 1000 доллардан берерин билдиришкен.
Казакстандын көкпар боюнча курама командасына да кошумча сыйлыктар каралган. Алар ар бир салым үчүн 1000 доллардан, ал эми ар бир бешинчи салым үчүн 1 млн теңгеден алышат.
Эки өлкөнүн курамалары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалында күч сынашты.