Көк бөрү менен көкпардын финалын кайдан көрүүгө болот? Фан-зоналардын даректери
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышы, көк бөрү жана көкпардын финалдык беттештери Кыргызстан боюнча уюштурулган фан-зоналарда чоң экрандан түз көрсөтүлөт.
Күйөрмандар оюндарды төмөнкү даректерден көрө алышат:
Бишкек: Турдакун Усубалиев атындагы аянт (Эски аянт).
Ош: Алымбек датка көчөсү, 221, борбордук аянт.
Жалал-Абад облусу: Манас шаары, «Азаттык» аянты.
Талас облусу: Талас шаарынын борбордук ат майданы.
Чүй облусу: Токмок шаары, Ленин көчөсүндөгү Султан Ибраимов атындагы борбордук аянт.
Ысык-Көл облусу: Бает айылы, көл жээги — «Чайка резорт» жана «Алтын булак» эс алуу жайларынын ортосу; Бостери айылы, «Дордой Номад» амфитеатры.
Ош облусу: Араван райондук администрациясынын имараты; Араван айылы, Ленин көчөсү, 1.
Баткен облусу: Баткен шаарындагы А. Жайнаков атындагы драма театры; Самаркандек айыл аймагынын Суу-Башы жана Бужум айылдарынын борбордук көчөлөрү; Кадамжай районунун Ж. Мамажанов атындагы маданият үйү; Лейлек райондук маданият үйү; Кызыл-Кыя шаардык мэриясы; Сүлүктү шаардык маданият үйү.
Нарын облусу: Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы К. Султангазиев атындагы маданият үйү; Жумгал районунун Чаек айылындагы «Соң-Көл» кинотеатры; Кочкор районунун Кочкор айылындагы Ж. Абдыкалыков атындагы маданият үйү; Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театры; Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы С. Андабеков атындагы маданий-спорттук комплекс.
Фан-зоналарда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалдык беттештери жана жабылыш аземи чоң экрандардан түз эфирде көрсөтүлөт.