Көк бөрү жана көкпар финалында 5 миңге жакын милиция кызмат өтөдү

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 161

Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештер өттү. Аларды көрүүгө 50 миңге жакын көрүүчү келди.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкери тартылды.

Ат майдандагы кызмат өтөөнү ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов көзөмөлдөдү.

Ал эми финалдык беттештердеги коопсуздук чаралары Бостери айылындагы милициянын кырдаалдык борборунан ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Суюнбек Ниязбековдун жетекчилиги астында координацияланды.

Оюндар башталгандан тартып аяктаганга чейин милиция кызматкерлерине кырдаалга жараша кошумча тапшырмалар берилип турду.

ИИМдин маалыматына караганда, иш-чаралар кырсыксыз жана коомдук тартип бузулбастан аяктады.

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 161
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X