Көк бөрүдө мыктылар аныкталды: Манас Ниязов «Мыкты улакчы»

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 80

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Баш байгеге Кыргызстандын курама командасы ээ болду.

Мелдештин жыйынтыгы:

  • 1-орун — Кыргызстан
  • 2-орун — Казакстан
  • 3-орун — Россия жана Тажикстан

Мындан тышкары, кыргызстандык улакчы Манас Ниязов «Мыкты улакчы» деп табылды.

Ал эми «Мыкты аргымак» наамы «Соң-Көл» аттуу күлүккө ыйгарылды.

Көк бөрүнүн финалында Кыргызстан Казакстанды 7:2 эсебинде жеңген.

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X