«Көк-Жаңгак» кенинде мыйзамсыз көмүр казуу токтотулду

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 95

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Көк-Жаңгак» көмүр кенинин «Түлөк» участогунда мыйзамсыз көмүр казып, саткан жарандар аныкталды. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ААК билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын «Түштүк» филиалынын өкүлдөрү Маркай айылына барып, кендин аймагын текшеришкен. Анда айрым жарандар лицензиялык тилкеде жана ага чектеш аймактарда уруксатсыз көмүр казып, сатып жатканы белгилүү болгон.

Мыйзамсыз иштерди токтотуу үчүн Сузак райондук администрациясынын жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү, эскертүү иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада мыйзамсыз көмүр казылып жаткан жайларды жабуу жана казуу иштерин токтотуу боюнча чаралар көрүлгөн.

Адистер мыйзамсыз казуу техникалык коопсуздукка коркунуч жаратып, адам өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн экенин эскертишет.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 95
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X