Көкпар финалында чоң байгелер коюлду: 5 млн теңге жана 1 млн сом

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 99

Көкпар боюнча финалга коюлган сыйлыктар да коомчулуктун көңүл чордонунда. Бүткүл дүйнөлүк көкпар федерациясынын башчысы жеңүүчү командага 5 млн теңге сыйлык берерин билдирген. Анын негизги бөлүгү чемпионго, калган бөлүгү экинчи орунду ээлеген командага берилет.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев 1 млн сом байге койгон.

Ошондой эле бир катар ишкерлер кыргызстандык улакчыларга ар бир төртүнчү салым үчүн 1000 доллардан берүүнү убада кылышкан.

Финал курч өтүп жатат. Эки команда тең активдүү оюн көрсөтүп, күйөрмандардын кызуу колдоосу аренадагы эмоцияны күчөтүүдө.

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X