Көкпар: Кыргызстан Өзбекстанды 12:4 эсебинде жеңди
Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдештин экинчи күнү өттү.
Бул күнү үч беттеш уюштурулуп, жыйынтыгында:
- Кыргызстан — Өзбекстан 12:4
- Казакстан — Орусия 14:1
- Монголия — Ооганстан 3:0
Ошентип, Кыргызстандын, Казакстандын жана Монголиянын курамалары жеңишке жетишти.
