Көкпардын финалында Кыргызстан менен Казакстан беттешет
Ысык-Көлдө өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улак (көкпар) боюнча тайпалык баскыч жыйынтыкталды.
Мелдешке 7 команда катышып, эки тайпага бөлүнгөн.
Жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстандын курамалары өз тайпаларында биринчи орунду ээлеп, финалга чыкты.
Чечүүчү беттеш 6-сентябрда саат 14:00дө Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Казакстан — көкпар боюнча учурдагы чемпион. Астанада өткөн мурунку Көчмөндөр оюндарында финалда Кыргызстан менен Казакстан кез келип, коңшулар 5:4 эсеби менен жеңишке жетишкен.
Эми эки команданын кезектеги финалдык беттеши күйөрмандардын өзгөчө кызыгуусун жаратууда.