Көмүр керектөөсү 1,5 миллион тоннаны түзөт
Кара-Кече көмүр кенинде көмүр ташыган жүк ташуучу унаалардын саны күн сайын көбөйүүдө. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ААКтан билдиришти. Ишкананын маалыматына ылайык, мындай
көрүнүш калктын көмүргө болгон суроо-талабынын өсүшүнө байланыштуу. Тургундар кыш мезгилине даярдык көрүп, көмүрдү активдүү сатып ала башташты. Учурда Кара-Кече кенинде көмүрдү жүктөө жана жөнөтүү иштери кызуу жүрүүдө.
Мисалы, 26-октябрда бир сутка ичинде 347 унаага 8 миң 307,75 тонна көмүр жүктөлүп, жөнөтүлгөн. Айрым күндөрү кенден 400гө чейин жүк ташуучу унаа көмүр ташып чыгат. Көмүр эң көп 22-октябрда жөнөтүлүп, бир суткада 9 миң 629,5 тоннаны түзгөн. Ошондой эле 21-октябрдан кийин бир да күндүк көрсөткүч 8 миң тоннадан төмөн түшкөн эмес. Октябрь айынын башынан бери Кара-Кече кенинен жалпы 181 миң 388,1 тонна көмүр жөнөтүлгөн. Анын 93 миң 410,5 тоннасы же 51 пайызы 15-октябрдан 26-октябрга чейинки мезгилге туура келет.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда калктын бир жылытуу мезгилине болгон көмүр керектөөсү 1,5 миллион тоннаны түзөт. Анын болжол менен жарымы өлкөнүн түндүк аймактарына туура келет. Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБин күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштетүү үчүн көмүр сатып алуу пландалган. Анын ичинен 900 миң тоннасы Кара-Кече кенинен жеткирилери айтылган.
Жазгүл Кенжетаева