Көмүрдү эми үч жылга чейин бөлүп төлөөгө болот
«Кыргызкөмүр» ишканасы жана MIslamic Бишкек шаарынын тургундары үчүн көмүрдү бөлүп төлөө менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди.
Долбоор 3-ноябрда расмий башталып, ислам каржылоосунун «Мурабаха» принцибине негизделген.
Программанын алкагында шаар тургундары көмүрдү 3 айдан 36 айга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөп сатып ала алышат. Каржылоонун жогорку чеги 200 миң сомду түзөт.
Мурабаха — ислам каржылоосунун соодага негизделген түрү. Анда товардын баасы жана үстөк акысы алдын ала макулдашылат.
Каржылоого кайрылгандар оң кредиттик тарыхка ээ болуп, MIslamic белгилеген талаптарга жооп бериши керек.
Көмүрдү аталган программа аркылуу Бишкектеги атайын отун базаларынан сатып алууга болот.
«Кыргызкөмүр» ишканасы бул демилге калктын кышкы отунга болгон муктаждыгын жеңилдетүүгө багытталганын белгиледи.