Коомдук талкуудан кийин Салык кызматы талаштуу мыйзам долбоорун чакыртып алды
Салык кызматы Министрлер Кабинетине сунушталган, өзүнүн бир бөлүмүнө укук коргоо органынын макамын ыйгаруу тууралуу токтом долбоорун чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган документ 2025-жылдын 7-октябрында коомдук талкууга чыгарылып, анын максаты Салык кодексинин 55-беренесин ишке ашыруу жана салык органдарынын ишин жөнгө салуу катары көрсөтүлгөн. Долбоордо салык мыйзамдарынын бузулушун аныктоо жана алдын алуу менен иш алып баруучу атайын түзүмдү киргизүү каралган болчу.
Талкуунун жүрүшүндө коомчулуктун пикирлери эске алынып, Салык кызматы долбоорду кайтарып алуу чечимин кабыл алды. Ведомство жарандардын активдүү катышуусуна ыраазычылык билдирип, салык саясаты жана башкаруу маселелерин мындан ары да ачык талкуулоого даяр экенин белгиледи.