«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери 1,7 млрд сомго айып пулдар төлөнгөн

«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген 2019-жылдын февраль айынан бери 1 млрд 728 млн 921 миң 395 сом айып пул катары төлөнгөн. Бул тууралуу Ички Иштер министрлигин Жол коопсуздугунун башкармалыгын башчысы Иманалы Саркулов бүгүн 10 — июнда парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.

Депутат Сайдулла Нышанов бул каражаттын канчасы россиялык «Вега» компаниясына бөлүнөөрүн сурады.
«Вега» компаниясына 346 млн 279 мин 430 сом бөлүнгөнүн Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев жооп берди.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору жол кыймылынын эрежелерин бузуунун айрым түрлөрү үчүн айып пулдун суммасын төмөндөтүү максатында иштелип чыкканын билдирди.

Тагыраагы төмөндө белгиленген бузуулар жогорку коомдук коркунучту өзүнө камтыбагандыгы, ошондой эле мындай бузуулар айдоочунун байкабастыгынан улам кокустан жасалышы мүмкүн экендигин эске алынып, айып пулдарын азайтуу сунушталууда:

 — кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу;

— светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X