Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулукту коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева билдирди.
» Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин дээрлик 90 пайыздан ашыгы аялдар болууда. Жыл башынан бери аялдарга карата 14 миң 293 зордук-зомбулук учуру катталып, былтыркыга салыштырмалуу 37 пайызга көп болуп жатат. Бул көрсөткүч укук коргоо органдарында катталган гана фактылар. Кайрылбаган аялдардын санын кошсок 3-4 эсе көп чыгышы мүмкүн. Эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, аялдар зордук-зомбулукту башынан орточо эсеп менен сегиз жолу өткөргөндөн кийин гана тиешелүү органдарга кайрылат экен. Мен дайыма айтам, зомбулук психологиялык жана экономикалык зомбулуктан башталат. Тилекке каршы, аялдар буга маани бербейт. Качан гана физикалык зомбулукка кабылганда кайрылышат. Ага чейин чыдап жүрө беришет», — деди Окоева.