Коронавирус мутацияга кабылды. Вакцина жардам береби?

Коронавирус баштапкы формасын өзгөртүп, дүйнөдө аталган вирустун өзгөрүлгөн штаммдары байма-бай тарап жаткан учур. Мисалы, мындан аз убакыт мурда пайда болгон британ штаммы коронавирустун алгачкы түрүнөн айырмаланып тездик менен тарап, жугуштуу деп эсептелинет. Вирус мутацияга кабылган учурда вакцина жардам береби?

Бул суроого Улуу британиянын Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок,  Deutsche Welle басылмасына берген маегинде жооп берди. 

Новый штамм коронавируса из Британии обнаружили в других странах Он  распространяется быстрее обычного. Европейцы закрывают границы: Общество:  Мир: Lenta.ru

Мэтт Хэнкок: Улуу британияда пайда болгон британ штаммы, өтө тездик менен тарап, коронавирустун алгачкы формасынан айырмаланды. Бүгүнкү күндө вирустун бул штаммы бир гана Улуу британияда эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине чейин тарады. Бирок, пайда болгон жаңы штаммдар вирустун алгачкы түрүнөн кооптуу дегенди билдирбейт. Мисалы, коронавирустун “мекени” болгон Кытайда, мындан 7-8 ай мурда вирустун жаңыланган түрү аныкталган. Былтыр жай мезгилинде вирустун жаңы түрү Испанияда катталып, Европаны бүтүндөй каптаган. Вирустар тилекке каршы ар дайым мутацияга кабылышат. Бирок, бул таптакыр формасын өзгөртүп жиберди дегенди билдирбейт.

Deutsche Welle: Адамдын организмине коронавирустун мутациясы кандай таасир берет?

Мэтт Хэнкок: Адамдын организми табиятынан эле ар түрдүү вирустарга туруштук берүүчү жана коргонуу касиетине ээ. Мисалы, бөлүнүп чыккан антителолор вирусту жеңүүгө жардам берет. Бирок, организмдеги антителолор адам ошол кезде кабылган вируска “программаланып” калат дагы, вирус формасын өзгөрткөн кезде организмдин вирус менен күрөшүүсүн кыйла татаалдадат. Мына дал ушул себептен улам, биз жыл сайын сезондук респиратордук вирустук илдеттер менен ооруп келебиз. Биздин организм кайсы респиратордук илдет менен ооруган болсо, ага карата антителолорду иштеп чыгат, бирок анын кийинки жылы өзгөргөн түрүнө даяр болбойт. Кандай болгон учурда да паникага алдырбоо керек. Анткени, вирус өзгөрүүлөргө дуушар болгону менен, баардык эле учурда кооптуу боло бербейт. Айрым учурларда вирус мутациялардан улам, күчүн жоготуп коюшу да мүмкүн.

Deutsche Welle: Вирустар мутацияга кантип кабылат?

Мэтт Хэнкок: Эгерде адамдын организми вирустун кайсыл бир түрүнө антитело бөлүп чыгарса, ал вирус өзүнүн сырткы кабыгын иммундук клеткаларга “таанылгыс” кылып өзгөртүүгө аракет кылат. Башкача айтканда, вирус жашоосун улантуу үчүн өзүнүн сырткы протеиндерин алмаштырат. Ушундан улам жаңы штаммдар пайда болот.

Ошол эле мезгилде вирустун өөрчүшү үчүн аны алып жүрүүчү клеткалар керектелет. Эгерде андай клеткаларга вирус үстөмдүк кыла алса, ал ага өзүнүн “генетикалык маалыматын” камтыганга аракет кылат. Андан кийин илдетке чалдыккан организмде вирустун миллиондогон копиялары бөлүнүп чыгат. Бирок ушул процессте айрым микроскопиялык “каталар” орун алып, ар биринде вирустун генетикалык коду өзгөрөт. Тактап айтканда, вирус мутацияга дуушар болот.

Deutsche Welle: Эмне үчүн вирустун жаңы түрү мурункудан дагы жугуштуу?

Мэтт Хэнкок: Адамды өпкө оорусуна алып келген COVID-19дун SARS-CoV-2 вирусу, башка эле коронавирустар сымал РНК-вирус түрүнө кирип, бир айда бир жолу мутацияланган касиетке ээ.

Вирустун түрдүү варианттары дүйнөнүн башка региондорунда кандай ылдамдык  менен өзгөрүп жана жайылып жаткандыгы, ошондой эле бейтаптардын ар башка формада (оор, орто, жеңил) ооруп жаткандарынын түшүндүрмөсү мына ушунда. Мисалы Улуу британияда аныкталган коронавирустун түрүндө, кабыкчаларынын учтуу бөлүктөрүнүн мутациясы байкалган (чукул белоктор). Хромосомдордо болгон өзгөрүүлөрдөн улам, вирустун бул штаммында 2 аминокислота жок. Ушундан улам коронавирус тездик менен жайылуу күчүнө ээ болду.

Ушундай эле учур былтыр жайында чыгыш Азия аймактарында байкалган. Вирустун өзгөрүлгөн түрүнө кабылган бейтаптар, илдет менен салыштырмалуу жеңилирээк оорушкан. Балким, вирус мутацияга кабылган учурда ал өзүнүн күчүн кыйла жоготуп койгон.

Deutsche Welle: Вакциналар мутацияга кабылган коронавируска жардам береби?

Мэтт Хэнкок: Улуу британия батыш Европа мамлекеттеринин арасынан алгачкылардан болуп калкын массалык түрдө эмдегендерден болду. Өлкөдө вирус мутацияга кабылды деген факт — эми эмдөө жардам бербей калды, дегенди түшүндүрбөйт. Азыркы иштелип чыккан вакциналардын дээрлик бардыгында, коронавирустун чукул белокторунун маалыматын камтыган коддор бар болгондуктан, бейтап мутацияга кабылган вирустун түрү менен ооруп калган учурда да, препараттар адамдын иммундук системасын күчтөй берет.

Бактыга жараша, иммундук системага вирус өзүн таптакыр таанылгыс кылып өзгөрүүсү үчүн, нечендеген мутацияга кабылышы керектелет. Маалым болгондой, мисалга грипптин вирустары өтө тездик менен өзгөрөт, ошол себептен кийинки сезонго вакцинанын күчүн сактоо үчүн, аны да өзгөртүүгө туура келет. Мына ушундан улап, коронавируска каршы даярдалган вакциналарды дагы мезгил-мезгили менен иштеп чыгуу керектелет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X