КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КАТААЛ КҮРӨШ ЖҮРҮҮДӨ
Акыркы жылдары коррупцияга каршы күрөш буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлде, чечкиндүү түрдө жүрүп жатканын көрүүдөбүз. Күн сайын уурдалган мүлктөр, тонолгон байлыктар кайтарылып, мамлекеттин казынасына тырмагын матыргандар кармалууда. Бул жерде өзгөчө ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы аткарууда. Аталган мекеме 5 жыл ичинде уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 300 млрд сом түшүрүптүр. Бул оңбогондой чоң каражат. Биздин бюджеттин жарымы десек болот.
Албетте, эң биринчи кезекте Өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдун саясий эркинин негизинде ишке ашууда. Бийликке келген күндөн тартып укук коргоо органдарына катуу талапты коюп, коррупциянын тамырын кыркуу керектигин тынбай белгилеп келе жатат. Бир ай мурунку маектеринин биринде дагы жемкорлук маселесине токтолуп, алкымы бузуктардын баарына чара көрүлөрүн белгилеген.
“Жогорку жакта жоголду. Акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөрдө токтобой жатат. Аймактарды өнүктүрүүгө деп бөлүп берген миллиарддаган акчалардын жарымын жеп, калган жарымы менен дагы жыргатып иш жасабай жатышат. Ылдый жак оңолбой жатат. Ал жакта дагы көчтү бара-бара түздөйбүз. Уурдагандардын баарын кайтартабыз. Кайда, канча акча бөлүндү, кайсы жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы желип кетти деген тапшырмам боюнча бардык жактарда комиссия иштеп жатат. Жыйынтыгы декабрдын аягы же январь айында чыгып калыш керек. Жыйынтыгы менен чараларды көрөбүз” деген Президент.
Мамлекет Башчысынын тапшырмасын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ийгиликтүү аткарып, коюлган милдеттин өтөөсүнөн чыгып жатканына баарыбыз күбө болуудабыз. Президенттин сөзүн жерге калтырбай, жемкорлорго болгон коррупцияга каршы күрөштү системалуу күрөшкө айлантып, ириген коомду тазалоонун үстүндө маңдай терин төгүүдө. УКМК төрагасы уурдалган акчаларды кайтаруу менен эле чектелбей, жемкорлуктун алдын алуу менен коррупциясыз коом курууга жан үрөп жатканы баарыбызга эле байкалууда. Алкымы бузуктар менен бир жылдай алпурушкандан кийин күрөштүн тактикасын өзгөртүп, демилге көтөрүп, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизди. Ал аракети менен мамлекеттин казынасына колун матырган чиновниктердин үй-мүлкүн гана конфискациялап койбой, эркиндигинен ажыратып, толук кандуу жазалоо тартибине жетишти.
Аталган мыйзамга Президент кол коюп, 2025-жылдын башында күчүнө кирди. Анын аткарылышына бир мисал айтсак, Токмоктун мурдагы мэри 13 жылга эркинен ажыратылды, учурда жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул факты коррупция менен чечкиндүү түрдө күрөшүүнүн натыйжаларынын бири. Мыйзамдын дагы бир жагдайына жараша, коррупциялык ишке баргандардын жакындары мамкызматтардан бошотулуп, экинчи мамкызматтарда иштей алышпайт. Мындай катаал чараларга барбаса, 30 жыл ичинде аң-сезимге сиңип калган жемкорлук илдеттен кутулуу мүмкүн эмес экен. Аны баарыбыз жон терибиз менен сездик. Чынын айтканда, коррупциянын түбүнө жетип, коррупциясыз коом, өнүккөн өлкө куруу үчүн ушундай кадамдарга баруу керектигин убакыт өзү көрсөттү. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы муну түшүнүп, ушундай аракеттерди жасоого аргасыз болду.
Эч кимге жашыруун эмес, 2020-жылга чейин уурдап-тоноо деген кадимкидей эле көрүнүшкө айланып калган эле. Эптеп мамлекеттик кызматка илингендин баары уурдачу. Жемкорлук деген өөн учурабай калган. Бардыгы чогулуп алып өлкөнү коррупциянын сазына батырып, талкалана турган жерге жеткизип бүткөн эле. Кудай жалгап, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келери менен баары өзгөрдү.
2001-жылы “чү” дегенде эле “кылым аферасы” деп аталган “Кумтөрдү” кайтарды. Буга эч бир президент даай алган эмес. Анын кайтарылышына эл дагы ишенбей калган. “Кумтөр” коррупциянын эң башаты, жемкорлуктун дөө-шаасы эле. Ошондон баштады. Жакында баарыбыз уктук, акыркы 5 жыл ичинде мамлекетке 1 млрд доллардан ашык киреше алып келиптир. Эсибизден чыгарбашыбыз керек, дили бузук жетекчилер отурган 30 жыл аралыгында мамлекет болгону 100 млн доллар гана киреше тапкан. Бул сандар мурдагы президенттер мамлекеттин байлыгын кандай масштабда уурдап, талап-тоногонун көрсөтүп турат. Биз жалпыбыз билебиз, алар канадалык шылуундарга түздөн-түз көмөктөшүп, кирешенин бир бөлүгүн чөнтөктөрүнө салып турушкан. Азыр өлкөнүн сыртына качып кеткендери да, бул жерде резиденцияда жаткандары да ошол акчаларды кемирип жатышат. Анын баарын кустурушубуз керек.
Ага удаа кылмыш дүйнөсүнүн башчысы Камчы Көлбаев жок кылынып, коррупциянын символуна айланган Матраимов кармалды. Ошондо мамлекетти системалуу түрдө тоноп жаткан жемкорлордун бели мертинди. Маселен, “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин байлыгы
1 миллиард доллар болгон. Бишкектеги 700 батири эле эмне деген байлык!? 80 миллион сомдук жылкылары, Бишкектеги Чүй проспектисиндеги “Ай-Пери” имараты, Каракол лыжа базасынын жанындагы 2 гектар жер, “Күрмөнтү цемент” заводундагы 93 пайыз үлүшү, МОQО кофейнясы, “Булат” аңчылык клубу, кымбат баалуу унаалары, жер участкалары, айтор айта берсе түгөнбөйт. “Криматалыкка” тиешелүү болгон алтын жана бриллианттан жасалган таажысынын өзү эле 500 миң доллар экен. Анын баары мамлекетке өткөн.
Ал эми Райым миллиончу. Анын атын укканда баары бүгүлүп, ийилип турушчу. Бажыдагы мыйзамсыз түзүп алган схемасынын урматы менен байып, Кыргызстандагы эң көрүнүктүү жана таасирдүү адамга айланган Райымбек Матраимов биринчи кармалганда 34 миллион 810 миң долларлык мүлкүн өткөзүп берген. Анын ичинде, “Бай Таш Tower” турак-жай комплекси, “Эльдорадо” соода комплекси, Erem спорттук клубу, Кара-Суу жана Ысык-Ата райондорундагы бажы терминалдары болгон. Жалпы айтканда, Раим миллион биринчи кармалганда 2 млрд 200 млн сом төгүп чыккан. Экинчи кармалганда 200 миллион доллар, сомго айландырганда 17 миллиард сом төккөн.
Жогоруда криматалык Камчы Көлбаев менен бажычы Райымбек Матраимовдун жыйнаган байлыгынан, мүлктөрүнөн эле буга чейин Кыргызстанды кимдер башкарып келгендигин таасын көрсөк болот. Мамлекетти мите курттай соруп, байлыгын тоноп жаткан мына ушул ажыдаарлардын башын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыя чапты. Генералга чың ден соолук, кажыбас кайрат тилейбиз! Өлкөдөгү жемкорлукту түп орду менен жоготушуна тилектешпиз!
Зулпукаар Сапанов