“Кош, Ысык-Көл, жолугушуу алдыда, Кош, толкундар, силер да аман калгыла”

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 208

Акын Омор Султанов 86 жаш курагында дүйнө салды. Таланты менен калемин эч качан бийликтин, байлыктын тараза ташына койбогон өктөм, калыс, өжөр, сөзгө, ырга ак адил мамиле жасаган акын болду. Азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин кыргыз тили жана адабияты факультетинин журналистика бөлүмүндө окуп, бирин-экин ыр жазган  ошондогу жаш акындар Жедигер Саалаев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Алик Акималиев, Чыныбай Турсунбеков, Кожогелди Култегин, Бектуруш Салгамани, Фатима Абдалова, Бурулкан Сарыгулова анан мен факультеттин алдындагы “Жаш толкундар” аттуу дубал газетага ырларыбызды чыгарабыз. Экинчи курстан тартып Фрунзедеги жогорку окуу жайлардын чоң залдарында (ал кезде саналуу гана окуу жайлар боло турган)  поэзия кечелерин өткөрө баштадык.  Бирибизден-бирибиз озуп, дуулдап ыр окуйбуз. Залдын ичи сүйүүгө, жаштыктын демине толуп чыгат. Ошол поэзия кечелерибиздин көркүн Омор Султановдун “Сен жөнүндө поэмасы” чыгарар эле, чиркин!

Сен кайдасың, мен кайдамын бул күндө,

Асман-жердей алысталып арабыз,

Чексиздикти көздөй кетип барабыз,

Мен да сага, сен да мага кабарсыз.

 

Сен кайдасың, мен кайдамын бул күндө,

Билбейм сени, мен жалгыздап басамын.

Мага убакыт токтоп калган өңдөнүп,

Мен да токтоп калган өңдүү жашадым.

 

Омор Султанов кыргыз поэзиясында өзүнө тиешелүү омордук секирикти, төңкөрүштү жасаган жаңычыл акын. Ал уйкаштардын бардык формасында ыр жараткан калемгер болчу. Мейли салттуу уйкашта болобу, мейли “ак ыр” формасында болобу Султанов Көлдүн балыгындай эркин сүзөр эле. Ага акындын көптөгөн китептери, айрыкча “Чарчоонун жүзүнчү ыры” аттуу философиялык ыр түрмөктөрү эң сонун мисал боло алат.

Омор Султанов ак ырды айрым жазмакерлердей экиленбестен, анын сырткы формалык түрдүүлүгүнө азгырылбастан,  ошол деңгээлге өсүп жеткен ички муктаждыктан, зарылдыктан улам жазган. Мен ак ыр жазган Омор акынды чексиз көк кыйырын кезген космостук кораблге салыштырам. Каалаган жагыңа, каалаган ылдамдыкта уча бер!

Түн сагалап сыртта турат.

 Шишеси жок

сокур чырак.

 Апам үйдө

Үмөр экөө—

ийик ийрип, жүн тытышат.

 Кичинемин.

Жүн тытышкым келип турат.

Берген жүндү

чубап-чубап

чарчаганда

калам уктап.

Таң атканча сокур чырак

күйүп чыгат.

Түн сагаалап таң атканча

сыртта турат.

Таң атканча

апам мээлей

түйүп чыгат

 Эртең менен көздү ушалап

турсам үч жуп

мээлей турат.

Таң атканча

түйүлгөн үч жуп мээлей.

 Фронтко жардам берчү

үч жуп мээлей.

Сталинградга бара турган үч жуп мээлей.

Омор Султанов 1968-жылы жарыкка чыккан “Отузунчу станция” деген үчүнчү китебине чейин көптүн карасында жүргөн катардагы эле акын болгон. Ага омордук өзүнчөлүктү, атак-даңктын алгачкы ургаалын алып келген дал ошол китеп болду. Мен Омокенин ырларынын баарын эле четинен шедевр деп айткандан алысмын. Албетте, акындын да кирген суудай шарылдап аккан учуру болот. Анын жээкке жете албай чарчап калган  чабактары болот.

Өткөн кылымдын 60-жылдары кыргыз адабиятында эле эмес, жалпы союздук адабиятта  эскини тануу, жаңыга умтулуу сыяктуу чоң өзгөрүүлөр, секириктер жүрүп жатты. Поэзия аянтка, сахнага чыкты. Ал мурда-кийин болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болуп, миңдеген адамдарды аянтка чогултту. Орус адабиятында Евгений Евтушенко, Андрей Вознесенский, Роберт Рождественский, бизде  Рамис Рыскулов, Омор Султанов сыяктуу акындар трибунага чыгып, өз ырларын жатка окуп, элди өзүнө тартып турду.

Акындын нукуралыгы анын сүйүү ырларынан билинет. “Бир ичкилик, бир сүйүү жаркыратат сезимди” деп Жолон Мамытов жазган эмеспи. Омор Султановду сүйүү ырлардын султаны деп айтаар элем. Анын сүйүү ырлары өзүнчө эле эпопея, доор. Пушкин, Лермонтов, Блок, Есенин, Рубцовдун атагын да сүйүү ырлары чыгарган. Бизде Токтогул, Жеңижок, Барпы, Алыкул, Омор, Жолон… Сүйүү ырлары тээ XIII кылымда жашап өткөн акын бабабыз Кет Букадан тартып ырдалып келе жатат. Мурда ал чыгармалар “Секетбай” жана “Күйгөн” ырлар деп эки топко бөлүнөр эле.  Кыргыз элинин оозеки поэзиясынын тарыхы эң эле аз дегенде эки миң жылды камтыйт. Элдик поэзия ар кайсы замандарда  өйдө-ылдый жолду басып жүрүп, өнүгүүнүн эң жогорку деңгээлине жеткен. “Манастагы” Жайсаң ырчы, Жээренче чечен жөнүндөгү уламыштар буга далил.  Кыргыз эзелтен сөздү ыйык тутуп, ардактап келген эл. Анда Омор акындын сүйүү ырларына назар салалы.

Сүйөт десе сүйгөн экем ченебей,

Же сүйүүдө, же менде ар жок кенедей.

Атасы анын даражалуу киши эле…

Мен ал кызга кала бердим тең келбей.

 Менде ата жок, же жакшыраак кийим жок,

Же жанымда жарытылуу тыйын жок.

Бар байлыгым жылаңайлак үмүтүм

Жана ырларым алдейлеген күнү-түн.

Омор Султанов таланттуу акын гана болбостон, мыкты котормочу, прозаик да болгон. Ал дүйнөлүк  акындар П.Неруда, Ю.Лермонтов, Г.Мистрал, Б.Брехт, Н.Хикмет, Р.Гамзатовдун ырларын кыргызчага которгон. Акындын “Мухитке жол”, “Аралдар арасында”, “Ак жол, көк асман”, “Улуу дайра” сыяктуу прозалык чыгармалары өз учурунда окурмандардын купулуна толуп,  өз баасын алган.

“Өнөрлүү өлбөйт” деген канаттуу сөздүн сыйкырына бала кезден ишенем. Даңазалуу акынды акыркы сапарга узатуу зыйнаты опера жана балет театрында болуп өттү. Бир айдан бери тынбай жааган кар аралаш жамгыр дал ошол 5-апрель күндөрү токтоп, күн чайыттай ачылып, өрүктөр гүлүн төгүп турду. Бир гана менин көз алдымдагы акындын табыты жаткан мына бул армандуу картина коошпой турду. Айла жок. Акындын табытын жолго алып чыгарда, Омокенин сөзүнө жазылган  айтылуу обончу Асанкалый Керимбавдин “Ак булуттар” ыры коштой учуп, Ардак караулдун жоокерлери  сүрөтүн абайлай көтөрүп, ырааттуу кадам таштап баратты. Көзүмө  жаш топтолуп, кайда агаарын билбей, тамагым мукактанып, буулугуп чыктым. Кулагымда “Ак булуттар”… Асанкалый Керимбаевдин ыры таланттуу акындын табытын өзү жаткан жерге, “Ала-Арча” көрүстөнүнө алып баратты.

Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,

Силерди, ак булуттар жолдош кылып.

Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,

Отурам эскерүүдөн ичтен сызып…

 Сезгендей айрыларды коркор элем,

Алтын кум, сен баарына орток элең.

Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,

Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

 Кайгынын каран түнүн жарык кылар,

Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.

Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,

Айды алып баратканда ак булуттар…

 Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,

Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?

Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,

Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

Акындын эсте жүргөн эки сабын кайталадым. Көзү тирүү кезинде тим эле коштошорун туюп жазгандай эгиз сап:

Кош, Ысык-Көл, жолугушуу алдыда,

Кош, толкундар, силер да аман калгыла.

№37-38 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-апрели
Өмүрбек Тиллебаев

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 208
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X