Космоско билет 28 миллион долларга сатылды
New Shepard космостук кемесинде дүйнөнүн бай адамы, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос жана анын бир тууганыменен үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда космоско учуу үчүн ал түзгөн Blue Origin компаниясы уюштурганонлайн-аукциондо бир билет 28 миллион долларга сатылды. Аукционго 159 өлкөдөн 7500 адам катышты. Жеңүүчүнүн аты-жөнү бир нече жумадан кийин ачыкталат. New Shepard космостук кемеси алты адамды алуп жүрүүгө эсептелген.