Ушул тапта кыш чилденин киргенине карабай Ысык-Көлдү суучулдар тарабынан тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп, балык уулоочу торлордон, ар кандай таштандылардан арылтуу кызуу ыргакта уланууда.
-Сабыржан Нурланович, кыш күрөөдө суучулдардын “суу астындагы жашоосу” кантип атат? Кол астындагы кызматкерлердин иштөөсүнө байланышкан көйгөйлөрүн жетекчи катары канчалык деңгээлде чечкенге “жарадыңыз”?
—Суучулдардын “суу астындагы жашоосу” албетте, жеңил эмес, бирок, суу астында жүрүү суучулдарга ары кызыктуу десем болот. Анткени, сиз айткандай “суу астындагы жашоону” бир гана суучулдар гана түшүнөт. Жыл сайын кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында жана суу астындагы жөндөмдүүлүгүн күчөтүү багытында тиешелүү окуулар менен практикаларга көп көңүл бурабыз. Себеби, суу астында жүрүп кандайдыр бир жагымсыз кырдаалга кабылып калса, өзүн жоготпой, өмүрүнө коркунуч келтирбес үчүн өзүнө-өзү жардам көрсөтүүсү керек. Анткени, суу астында “кылт эткен” эле кичине туура эмес чечим суучулдун өмүрүнө коркунуч алып келет. Аныгында сырттан карап турган адамга суу астында жүргөн суучул кызык көрүнөт. Албетте, суунун ичинде жүрүш оор. Анткени, дем алуу менен суу кысымы дайыма суучулду коштоп жүрөт. Мезгилге жана суунун температурасын эске алып, сууда эки сааттан ашык жүрбөйт. Андан ашыгыраак мөөнөттө жүрсө өзүнүн ден- соолугуна душман боло баштайт. Ошондуктан, суучулду эс алдырып, анан гана кайрадан иштөөсүнө уруксаат берилет. Уруксат демекчи, биздин кызматкерлер сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтөт. Андан тышкары суучулду дайыма даярдыкта кармоо максатында министрлик тараптаптан тиешелүү шаймандар менен камсыз кылынып турат. Өзүнө тиешелүү шаймандары менен гана суучул болуп эсептелинет.
—Ушул тапта Ысык-Көлдөн сиздердин кызматкерлердин ыкчам ишмердүүлүгүнүн аркасында балык үчүн салынган миңдеген метр торлор алынып, тазаланууда. Мындай эмгектериңер үчүн тоодой тосколдуктарга кабылып жатасыздарбы?
-Ооба, ушул күндөрү Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз салынган синтетикалык торлорду жана суу астындагы ар кандай таштандыларды тазалоо иш чаралары биздин кызматтын суучулдары тарабынан жүргүзүлүп жатат. Албетте, сиздин соболуңузда баса белгиленгендей, тоодой тоскоолдук кылган учурлар бар. Ал жагын жашыра албайбыз. Эң эле биринчи тоскоолдук бул аба-ырайы. Кыш мезгилинде Ысык-Көл акваториясынын үстү ачык болгондуктан абдан суук. Ошол суукка карабастан күнү-түнү суучулдар иш алып барышат. Мыйзамсыз салынган бир торду суудан чыгарыш үчүн 20-25 мүнөт убакыт кетет. Ал жерде суудан торду гана чыгарбастан, торго илинип калган балык жана башка жандыктарды чечип, сууга кое беребиз. Ошол маалда “көк муштум” болуп тоңуп калабыз. Караңгыда балыкчылар торлорун кайтарышып, ар кандай нерсе менен (колго урунганын алып) суучулдарды согушат. Колго түшкөн “олжосун” ким эле тарттырып ийгиси келсин? Алардын кайсыл жактан согуп аткандарын түшүнө албайсын. Кечкисин көлдүн бетин туман катуу басат. Эч нерсе көрүнбөй калат. Ошого карабастан көздүн карегиндей болгон Ысык-Көлдүн жаратылышын жана суу астындагы жаныбарлардын жашоосун сактап калганга биздин суучулдар абдан чоң мекенчилдик сезим менен иш алып барат.
-Өткөн жылы Президент тарабынан сиздердин кызматка Ысык-Көлдү тазалоо тапшырмасы берилгенинен кабардарбыз. Мамлекет башчысынын тапшырмасы бүгүн канчалык деңгээлде аткарылды? Дегеле мухиттей көлүбүздү тазалап, аягына чыгыш мүмкүн бекен?
-Жогоруда айтканымдай, учурда Ысык-Көл акваториясын тиешелүү кемелердин жардамы менен тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Президентибиз чынында Ысык-Көлдүн маселесин жакшы билгендиктен, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Берилген тапшырманын алкагында суу астында суучулдар тонналаган ар кандай таштандыларды көлдүн ичинен чыгарды. Ысык-Көлдү сыртынан карасаң абдан сулуу жана кооз көрүнгөнү менен суу астынан бул көрүнүш тап-такыр бөлөкчө. Суунун астына кирип, айланаңды карасаң тор жана башка таштандылар суунун ичинде абдан көп. Мындай көрүнүштү көзүң менен көргөн соң көңүлүн айнып, жаның кейийт. 2023-жылы Ысык-Көлдөн 22 545кг ар кандай таштандылар жана 218 100 метр узундуктагы синтетикалык торлор суучулдар тарабынан чыгарылса, 2024-жылы бүгүнкү күнгө чейин 14 125 кг таштанды жана 105 800 синтетикалык торлордон тазаланды. Ушул жерден баса белгилөөчү жагдай, 2023–жылы көлдөн чыгарылган синтетикалык торлордун дээрлик 60-70%ы далай убакыттан бери чогулган эски торлор болсо, быйыл бул көрсөткүч 80%ды түзүп, синтетикалык торлор алынды. Кызыгы, өкмөт тараптан синтетикалык торлорго тыюу киргизилгенине карабастан кээ бир биздин жарандарыбыз мыйзамсыз тор салып, балык уулоо иштерин токтотпой жатышат. Торлорду жана ар кандай таштандыларды тазалоо эле иштерин жүргүзбөстөн, калк арасында түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп атабыз. Тилеке каршы, мыйзамсыз балык уулоо бүгүнкү күндө да токтобой жатат. Анткени, бүгүн тазаланган жерге эртеси кайрадан тор салып атышат. Балык уулочулар жеңил акча табуунун кыныгын алып алышкандыктан, көнгөн адаттарын таштабай жатышканы бир эсе ачууңду келтирет. Эски, качанкы учурдан бери салынган торлор тазалангангабы, көлдүн айланасында мыйзамсыз балык уулоо көбөйдү. Былтыр Түп, Ак-Суу райондорунда гана мыйзамсыз балык уулоо болсо, быйыл көлдүн бардык райондорунда дал ушундай мыйзамга жат иштер көп катталууда. Биз буга карабай ыйык көлүбүздү тазалоо иштерин уланта беребиз. Акыры мыйзамсыз балык уулоо токтотулат.
—Кыш күрөө күчүнө кирди. Өткөн жылы муз үстүнө чана тээп жүрүп, муз жарылып, сууга чөккөн көрүнүштөр көп катталган. Мындай шартта жарандарыбызды муздун жарылышын күтпөй, кырсыктын алдын-алуу боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатабы?
-Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эл арасында түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жылдын 4 мезгили бою жүргүзүп келет. Өзгөчө кыш мезгилинин келиши менен көлмөлөрдүн үстүңкү катмарларын муз баскан учурда эс алуучулар ар кандай оюн зоокторду уюштура башташат. Министрлик тарабынан кооптулукту жараткан андай суу көлмөлөрү чана жана башка оюн зоокторго каралбастыгы билдирет. Ооба, ар мезгилге жараша жарандарыбыз да эс алгысы келет. Бүгүн көптөгөн жерлерибизге мамлекет тарабынан атайын муз жана лыжа тебүүчү жерлер тиешелүү шарттары менен түзүлүп атат. Эс алуучуларыбыз ошондой тиешелүү шарты бар жерлерге гана эс алышса жакшы болмок. Адамдын өмүрүн бир нерсеге салыштырып же баалап болбойт. Ошондуктан, кырсыктан алыс болуу максатында бардык жарандарыбызды агын суулардан, түшкөнгө ылайыкташылбаган көлмөлөрдөн алыс болуп, жашы жете элек жаш өспүрүм балдарыбызга дайыма көзөмөл кылып, шарттар каралбаган жерлерге барбасын эскертип кетет элем.
Калыгул Бейшекеев