КР ИИМдин ЖКККББы кызматкерлери балдар үйлөрүнө зыяратка барышты

Ыйык Рамазан айында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана
ардагерлер кеңешинин төрагасы, Чүй облусунун Беловодский жана Красно-Речка айылдарындагы балдар үйлөрдө тарбияланып жаткан балдардардан кабар алышты.
Балдар үйүнүн жетекчилиги менен болгон маектешүүнүн жүрүшүндө, мекемелердеги тарбиялануучуларынын саны жана курамы, мекеменин материалдык абалы жана анын алдында турган маселелер жөнүндө маалымат алынды. Аталган мекемелер ата-энелердин мээриминен ажыраган балдар үчүн түзүлгөн.

ИИМдин ЖКККББы кызматкерлеринин балдар үйлөрүнө зыярат кылуусунун максаты, жетим балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөтүү, мекеменин турмуш-тиричилик шарттары менен таанышуу, тарбиялануучулар менен баарлашып, чакан белектерди тапшыруу болду.
 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X