КР Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Фархат Иминов: Виртуалдык активдер рыногу – келечектүү тармак

Виртуалдык активдер жана блокчейн бул санариптик технологиялар дүйнөсүндөгү өз ара тыгыз байланышкан түшүнүктөр. Виртуалдык активдер бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясын же ага окшош технологияны колдонуу менен түзүлүп, сакталган жана жүгүртүлгөн, наркка ээ болгон санариптик активдер болуп саналат. Аларга криптовалюталар, токендер жана башка виртуалдык активдер кирет. Аларды сатып алууга, сатууга, сактоого жана башка колдонуучуларга өткөрүп берүүгө болот. Ал эми блокчейн операциялар жөнүндө маалымат ырааттуу катталган бөлүштүрүлгөн реестр технологиясы болуп саналат. Дал ушул багытта 2026-жылдын май айында Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен өлкөдө Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик түзүлгөн. Бул багыттагы иштер тууралуу Агенттиктин жетекчиси Фархат Иминов менен маектештик.

— Фархат Ажмуханбетович, алгач өлкөбүздөгү виртуалдык активдер рыногунун жалпы абалы жана бул тармактын мамлекеттик бюджетке кошкон салымы тууралуу айтып берсеңиз?

— Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу жигердүү өсүүдө. Мисалы, 2024-жылы жөнгө салынуучу рыноктун жүгүртүүсү 923,7 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы 2,74 триллион сомго жеткен. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүгүртүү 2,2 триллион сомду түзүп, 3,8 миллионго жакын операция жүргүзүлгөн. Бул чөйрө мамлекеттик бюджетке да салым кошууда. 2025-жылы виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн салыктык түшүүлөр болжол менен 1,48 миллиард сомду түзгөн. Октябрь айына карата Кыргыз Республикасында лицензияланган 172 виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчү иштеп жатат. Мамлекет башчысы Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикти түзүүдө бул чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуунун заманбап системасын калыптандыруу милдетин койгон. Бул система тармактын туруктуу өнүгүшүнө, тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууга жана инновациялык технологияларды киргизүүгө шарт түзүүгө тийиш. Бул милдетти чечүүнүн зарылдыгы дүйнөлүк каржы системасында жүрүп жаткан өзгөрүүлөр менен байланыштуу. Реалдуу активдерди токендештирүү капитал тартууга жана активдердин өтүмдүүлүгүн жогорулатууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Стейблкоиндер санариптик эсептешүү инструменттерин көбөйтөт. Ал эми санариптик валюталардын жана чек ара аралык төлөм чечимдеринин өнүгүшү эл аралык которуулардын ылдамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

— Бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана колдонуучулардын укуктарын коргоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

— Бул процесстер колдонуучулардын укуктарын коргоону жана эл аралык стандарттарды сактоону талап кылат. Калктын санариптик жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Виртуалдык активдердин иштөө принциптери, аларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана ага байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө жарандардын билимин кеңейтүү маанилүү. Бул милдеттерди ишке ашыруу бекем институционалдык негизди түзүүнү талап кылат. Ушуга байланыштуу 2025-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн. Анын милдети тармакты өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо жана мамлекеттик органдардын ишин координациялоо болуп саналат. Кийинки этапта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик (ВАУА) түзүлүп, ага бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу функциялары жүктөлгөн. Учурда ВАУА ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө басым жасоодо. Агенттик иштеп чыккан мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорунун топтому коомдук талкуудан өттү. Ал стейблкоиндерди жана реалдуу активдер менен камсыздалган токендерди чыгарууну жана жүгүртүүнү жөнгө салууну, криптобиржаларды жана алмашуу операторлорун лицензиялоону, атайын жөнгө салуучу режимди түзүүнү жана майнинг ишин жүргүзүүнү камтыйт.

— Сиз белгилеп өткөн мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору боюнча коомдук талкуу кандай жыйынтык берди? Рыноктун катышуучулары жаңы Агенттиктин демилгелерине кандай карап жатышат?

— Натыйжада болжол менен 240 сунуш жана сунуштама келип түштү. Бул рынок катышуучуларынын жигердүү катышуусунан, ошондой эле тармакты өнүктүрүү жана жөнгө салуу маселелери боюнча алардын компетенттүүлүгү өсүп жатканынан кабар берет. Муну менен катар жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү санариптик платформасын түзүү иши жүрүп жатат. Ал арыз берүүдөн жана лицензия алуудан тартып, виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн ишине мониторинг жүргүзүүгө чейинки жөнгө салуу процессин толугу менен автоматташтырууну камсыз кылат. Платформада документтердиталдоо үчүн жасалма интеллектти колдонуу, мамлекеттик органдар жана эл аралык системалар менен интеграциялоо, лицензияланган рынок катышуучуларынын ачык реестрин түзүү жана блокчейн-аналитика инструменттерин пайдалануу каралган. Мындан тышкары, лицензиялоо жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча чечимдердин ачыктыгын камсыз кылуу максатында ВАУА түзүлгөндөн тартып жөнгө салуу комитети уюштурулган. Комитет лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча кайрылууларды коллегиалдуу карайт. Мындай ыкма чечимдердин бир адам тарабынан кабыл алынышына жол бербейт. Ар бир арызды белгиленген талаптарды эске алуу менен ар тараптуу кароого шарт түзөт.

— Виртуалдык активдердин жана блокчейн-технологиялардын артыкчылыктары эмнеде? Алардын коопсуздугуна жана узак мөөнөттүү ишенимдүүлүгүнө канчалык ишенүүгө болот?

— Виртуалдык активдердин жана блокчейн-технологиялардын негизги артыкчылыктары финансылык операцияларды тездетүү, эсептешүүлөрдүн ачык-айкындыгын жогорулатуу, процесстерди автоматташтыруу жана санариптик финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштуу.

Виртуалдык активдерди сатып алууга, сатууга, алмашууга жана колдонуучулардын ортосунда өткөрүп берүүгө боло турган санариптик активдер катары түшүндүрүүгө болот. Ал эми блокчейн — бөлүштүрүлгөн реестр технологиясы болуп саналат. Анда операциялар жөнүндө маалымат ырааттуу түрдө катталып, тармактын катышуучулары тарабынан текшерилет. Бул операциялардын таржымалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, жазууларды уруксатсыз өзгөртүүнү кыйындатат. Блокчейн маалыматтардын бүтүндүгүн жогоркудеңгээлде камсыз кыла алат.

Бирок, бул платформаларга хакердик чабуул жасоо, программалык камсыздоодогу алсыздыктар, алдамчылык жана санариптик капчыктарга кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп алуу тобокелдиктерин жокко чыгарбайт.

Мындан тышкары, виртуалдык активдердин наркы олуттуу өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан, коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү блокчейн колдонулганына гана карап баалоого болбойт. Техникалык чечимдердин сапатын, активди камсыздоо механизмин, башкаруунун ачыктыгын, резервдерди текшерүү мүмкүнчүлүгүн жана колдонуучуларды коргоонун натыйжалуу укуктук механизмдеринин болушун эске алуу зарыл. Жарандар кызмат көрсөтүүчүнүн тиешелүү лицензиясы бар экенин текшерип, операциялардын шарттарын кылдат изилдеп, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди түшүнүшү керек.

Ошол эле учурда лицензия компаниянын жөнгө салынуучу ишти жүргүзүүгө укугун ырастайт, бирок салынган каражаттардын сакталышына же киреше алууга кепилдик бербейт.

— Бул тармактын өнүгүшү өлкөнүн экономикасына кандай оң таасирин тийгизет?

— Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, виртуалдык активдердин жана блокчейн-технологиялардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү инновациялар иш жүзүндө колдонулуп, натыйжалуу жөнгө салуу менен коштолгон шартта ачылат. Кыргызстан үчүн тармактын практикалык мүмкүнчүлүктөрү бир нече багыт менен байланыштуу. Аларга инвестицияларды, анын ичинде реалдуу активдерди токендештирүү аркылуу тартуу, санариптик финансылык инструменттерди жана чек ара аралык эсептешүүлөрдү өнүктүрүү, эсепке алуунун ачыктыгын жана айрым мамлекеттик, ишкердик процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу, жаңы технологиялык компанияларды жана жумуш орундарын түзүү кирет. Тармакты баалоодо лицензия алган компаниялардын саны менен катар ишке ашкан долбоорлор, тартылган инвестициялар, бюджетке түшкөн салыктар жана түзүлгөн жаңы жумуш орундары да эсепке алынат. Бул сапаттуу санариптик финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө шарт түзөт.

Мисалы, Сингапурда Project Guardian демилгесинин алкагында фонддорду, облигацияларды жана башка финансылык инструменттерди токендештирүү боюнча чечимдер сыналууда. Анын максаты финансылык рыноктордун натыйжалуулугун жогорулатуу, эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүү жана финансылык институттардын өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Дагы бир мисал катары Дубайды айтсак болот. Ал жерде виртуалдык активдер боюнча адистештирилген жөнгө салуучу орган, VARA түзүлгөн. Анын иши рыноктун катышуучулары үчүн түшүнүктүү эрежелерди калыптандырууга, инвесторлорду коргоого жана эл аралык технологиялык компанияларды тартууга багытталган. Биз үчүн бул тажрыйба тармакты өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташууга өбөлгө түзө турган ачык жөнгө салуу чөйрөсүн калыптандыруу жагынан маанилүү. Ошол эле учурда жаңы технологияларды киргизүү өзүнөн өзү экономикалык натыйжага кепилдик бербейт. Ар бир долбоорду реалдуу муктаждык, экономикалык жактан максатка ылайыктуулук жана тобокелдиктер боюнча баалоо зарыл. Эл аралык тажрыйбаны, ойлонулган жөнгө салууну жана технологияларды иш жүзүндө колдонууну айкалыштыруу тармактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, рыноктун ачыктыгын жана анын катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X