"Эркин-Тоо"

КР Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев: “Курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болот”

Элдик Курултайдын айныгыс жактоочусу болуп келген белгилүү жазуучу Чолпонбек Абыкеев алдыдагы жыйын тууралуу биздин айрым соболдорубузга жооп узатты. Кечээги кесиптешибиздин бул жааттагы өзгөчө пикири көпчүлүктү кайдыгер калтырбаса керек.

— Чолпонбек агай, ток этерин айтыңызчы, алдыдагы III Элдик Курултай бул сапар кандай өзгөчөлүктөр менен өтөт? Же жылдагыдай мектеп салуу, жол куруу өңдүү күнүмдүк көйгөйлөрдүн көтөрүлүшү менен жыйынтыкталабы?

— Быйылкы Элдик Курултай жылдагыга караганда башкачараак өтөт деп күтүп жатам. Мурунку Элдик Курултайларда делегаттардын басымдуу көпчүлүгү мектеп, жол, көпүрө сыяктуу маселелерди көтөргөнүн мыйзам ченемдүүлүк катары карашыбыз керек. Анткени, делегаттарды жергиликтүү коомчулук, эл шайлайт. Эл болсо биринчи кезекте өздөрүн түйшөлткөн башкы көйгөйлөрү чечилсе деп ойлошот. Ошондуктан, мамлекеттик бийлик тарабынан канча бир жылдар бою каралбай калган жогорку маселелер көтөрүлдү. Бүгүнкү бийлик иштей баштаган аз убакыт ичинде элдин башкы көйгөйү болгон маселелердин баары болбосо да, бир тобу чечилди. Эң башкысы, эл бийликке ишене баштады. Мектеп, жол сыяктуу маселелерди алдыдагы аз жыл ичинде мамлекеттик бийлик толук чечип берээрине ишенем. Демек, делегаттардын Элдик Курултайга кое турган маселелери башкача болот деп ойлойм. Маселен, кийинки жылдарда кемий баштаган улуттук наркыбыз, салтыбыз, тилибиз өңдүү маселелер чечилиши зарыл. Курултай элдин астында, бийлик астында да аткара турган милдеттерди аныктап берүүлөрү керек. Бул бир топ оор маселе. Бирок, келе турган делегаттардын арасында ушул маселелерге түйшөлгөндөрү бар го деп ойлойм.

— Буга чейинки Элдик жыйында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн көпчүлүгү чечилгени айтылып келет. Өлкөдөгү көйгөйлөрдүн чечилиши сөзсүз Курултайдын ишине байланган десек болобу?

— Элдик Курултайда көтөрүлгөн маселелердин көпчүлүгү чечилгенинин себеби, мектеп, жол, көпүрө сыяктуу маселелер болгондугунда. Бүгүнкү бийлик келгенден бери өлкө аймагы боюнча 360тан ашык мектеп курулуп ишке берилди. Муну менен токтобой, мектеп курулуштары дагы да курулуп, жолдор салынууда. Мамлекетибиздеги экономикалык өзгөрүүлөргө өзүңүздөр күбө болуудасыздар. Алардын баардыгы маалымат каражаттарында күн сайын айтылууда. Бул жерде аны кайталаштын кажети жок деп ойлойм. Кайсыл гана мамлекетти албайлы,  бийлик чече турган, анан эл өзү чече турган маселелер бар. Элдик Курултай эл чече турган маселени так айырмалап, аны элге жана бийликке сунуштай баштаганда өзүнүн туура жолуна түшкөн болот. Бир эле мисал келтирейинчи, кыргызда “Хан бийлигинен нарк күчтүү” деген макал бар. Так ошол нарк-салтка тиешелүү маселелерди эл өзү чечиши керек. Кийинки жылдары “аш көп болсо, каада көп болуп” той аштарда ашыкча чыгаша коротмой күчөп баратат. Бул боюнча Президенттин Жарлыгы деле чыкты. Бирок, токтобой жатат. Мындай маселе Элдик жыйында каралып, Курултай тиешелүү чечим кабыл алышы керек. Ошондо ал туура жолго салынат.

— Дегеле Элдик Курултайдын келечегине божомолуңуз кандай?..

—  Ачыгын айтканда, Элдик Курултай жана анын коомдогу ролу жөнүндөгү көз караш али толук калыптана элек. Ошондуктан, ар кандай божомол-жоромолдор айтылууда. Учурунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Элдик Курултай жөнүндөгү мыйзам да бир топ кемчилдиктери менен кабыл алынган. Быйыл Парламентке сунуш кылынган Курултай жөнүндөгү мыйзамга оңдоо, толуктоолор эмнегедир кароосуз калды. Ошондуктан, Элдик Курултай мыйзам жолу менен толук кандуу иштөө жолуна өттү дегенге али эрте. Ал убакытты талап кылат. Бирок, келечекте эл менен бийлик ортосундагы ачык сүйлөшүүнүн көпүрөсү катары, ошондой эле чыныгы бийлик элдин колунда экенин көрсөткөн жол катары Элдик Курултай кызмат кылаарына ишенем.

Калыгул Бейшекеев

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!