"Эркин-Тоо"

КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек СУЛАЙМАНОВ: “Туризм аркылуу бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүүгө болот”

Алтынбек Сулайманов 2007-жылдан бери саясатта жүрүп, Жогорку Кеңештин төрт чакырылышында депутат болгон. Бир катар комитеттин төрагасы, фракциянын жетекчиси болуп жүргөн. Учурда губернаторлук кызматты аркалап келет. Мындан улам, аны кепке тартып маек курдук.

  — Алтынбек Турдубаевич, сиз мыйзам чыгаруу органынын ишин жакшы билгендиктен, сизден татыктуу мыйзам долбоорлорун күтчүбүз. Жогорку Кеңештин депутаттыгынан облустун жетекчиси болуп кетүүңүзгө эмне себеп болду?

— Бул чечим көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду окшойт. Бирок, менин ички дүйнөмдө аткаруу бийлигинде иштеп, элге жакын болсом деген ойлор жашап келген. Туура айттыңыз. Депутат кезимде эл үчүн иштей турган бир катар мыйзам долбоорлорун жазгам. Эми эл аралап, ошол жазган мыйзамдар менен иштеп, калкымдын жүгүн көтөрөйүн деген чечимге келдим. Президентибиз Садыр Нургожоевичке да эл арасында иштесем деген ниеттим бар экенин айтып кирсем, Ысык-Көл облусуна ыйгарым укуктуу өкүл болууну сунуштап, учурда касиеттүү Ысык-Көлдө иштеп жатам.

—  Облустун эли-жери сизди кандай кабыл алды? Облустагы карапайым калктын калың катмары менен иш алып баруу жактыбы? Ишти эмнеден баштадыңыз?

-“Эл тараза, эл сынчы” демекчи, облустун эли кандай кабыл алып жатканын жана ишимдин жыйынтыгын эл айтышы керек деп ойлойм. Ал эми карапайым калк менен иштөө жагына келсем, учурда карапайым калк үчүн эшигим ачык болот деген жаңы эреже киргизип жатам. Мурда бир жумада бир жолу, бейшемби күнү жарандарды кабыл алышчу экен. Мен дагы ошол тартип менен иштеп көрдүм. Бирок, бул эреже купулума толгон жок. Айрымдар алыстан келет, кээ бирлери үчүн бейшемби күн ыңгайсыз болот. Ошондуктан, бүгүнкү күндө кайсы күн, саат канча экенине карабай эшигим дайыма мага кирем дегендерге ачык. Өткөндө райондорду кыдырып, бир катар көйгөйлөрдү аныктап, айрымдарын чечтик. Калгандарынын үстүндө иштеп жатабыз. Жакында буйруса, ар бир айылды кыдырып көйгөйлөр менен жеринен таанышып чыгам.

-Ысык-Көл облусу туристтик аймак. Быйылкы туристтик сезон үчүн кандай иш-аракеттерди көрүп жатасыздар?

— Өзүңүздөр билгендей мен жаратылышка өтө аяр мамиле кылып, жаратылыш койнунда жүргөндү абдан жакшы көрөм. Ысык-Көл жер үстүндөгү бейиш десем болот. Туризмди өнүктүрүү менен бир облусту эле эмес, бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүүгө болот. Ал үчүн биз дүйнөлүк брендге айланышыбыз керек. Жарнама мыкты болушу шарт. 13-14-май күндөрү Чолпон-Ата шаарында жайкы туристтик мезгилдин расмий ачылышы болуп өттү. Жергиликтүү бийлик, мамлекеттик органдардын, бизнестин жайкы туристтик мезгилге даярдыгы кызуу башталды. Коомдук, санитардык коопсуздукту, адам өмүрүнүн суудагы коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан иш-аракеттер көрүлүүдө. Иштеп жаткан эс алуучу жайлардын, пляждардын, соода жана тамактануучу ишканалардын санитардык абалдарына өзгөчө көңүл бурулат. 4-июндан баштап “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту эл аралык каттамдарды кабыл ала баштайт. Биринчи рейс Москва шаарынан келет деп күтүп жатабыз. Мындан сырткары, өзүмдүн демилгем менен Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын белгилүү саякатчы блогерлерин, жалпысынан алганда өз өлкөлөрүндө таанымал 10 адамды чакырдым. Учурда алар Ысык-Көлдүн булуң-бурчтарына саякат кылып, туристтик дараметибизди жарнамалап жатышат. Айта кетчү нерсе, бул иш-чарага мамлекеттик бюждеттен бир сом да коротулган жок.

Алдыда дагы кандай ой-максат, пландарыңыз бар?

— Ысык-Көл облусун өнүктүрүү боюнча планым бар, бирок аны элге жарыялай элекмин. Себеби, учурда биздин системада калпыстыктар көп. Бюрократия күч алган. Ошондуктан, айрым долбоорлор ишке ашпай калып, элге калпычы болуп калбайын деп турам. Кудай буюрса, мыкты ири долбоорлорду ишке ашырууга жан үрөйм. Убактымды өзүмдү жарнамалоого коротпой, чарба иштерине көп көңүл буруп жатам. Ал эми учурда башталган ири долбоорлор тууралуу айтсам, Каракол, Балыкчы шаарларында саркынды сууларды тазалоочу жайлар курулууда. Бул шаарлар 1960-жылдары курулган канализация менен күн өткөрүп келишиптир. Буюрса, Чолпон-Ата шаарын дагы долбоорго камтыганга аракет кылабыз. Эми болгон тажрыйбамды, күчүмдү, энергиямды облустун өнүгүүсү үчүн жумшайм. Кудайым колдосо элибиз жон териси менен сезе турган иштер аткарылат десем жаңылышпайм.

-Былтыр Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолу курула баштаган эле. Учурдагы курулуш ишинин жыйынтыктары туурасында маалымат бере кетсеңиз?

-2021-жылдын август айынан тартып Балыкчы-Бөкөнбаев жолунун 25 чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери башталган болчу. Буюрса, бөлүүчү тосмо менен төрт тилкелүү жол курулат. Учурда 2,5 чакырымына асфальт төшөлдү. Тиешелүү жерлерге 12 суу түтүктөрү  орнотулду. Ал эми велотрасса боюнча “Кыргыз жол унаа долбоорлоо жана изилдөө институту” мамлекеттик ишканасы тарабынан изилденип жатат. Жакын арада оптималдуу вариант сунуш кылышат деген ойдобуз.

— Каракол шаарына курула турган аэропортко Мамлекет башчысы Жапаров Садыр Нуркожоевич жакында капсула салып кетти. Бул курулуш иши азыр жүрүп жатабы? Ошондой эле, 13-майда Каракол шаарын өнүктүрүү иш-чараларына 850 млн сом бөлүнгөнү да кабарланды. Ушул туурасында да айтып берсеңиз? 

— Ооба. Президент Садыр Жапаров 7-майда “Каракол” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды. Буюрса, ал 2023-жылдын соңунда пайдаланууга берилет деп пландалды. Анда жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен “Каракол” аэродромунун элементтерин реконструкциялоо жана аэропорттун терминалдык комплексинин жаңы имаратын куруу каралган. Бул шаардын өнүгүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эл аралык каттамдар менен жүргүнчүлөрдү кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кошумча туристтик агымдарды тартууга жардам берет.

Ал эми Каракол шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар тууралуу айтсам, учурда кагаз иштери бүткөн. Бирок каржылоо боло элек. Бул каражатка шаардын инфраструктурасы оңдолот. Атап айтсам, жолдор, тротуралар салынып, шаар жарыктандырылат. Социалдык долбоорлор да жок эмес, мисалы, стадион оңдолот, спорт комплекстер курулат. Мындан сырткары, киреше алып келүүчү багыт дагы унутта калган жок. Таштандыларды кайра иштетүүчү завод, асфальтбетон жана темир-бетон заводдорун куруу планда бар. Каражат колубузга тийсе эле иш башталат.

— Былтыркы жай кургакчылык менен коштолгон. Быйыл жаанчылдай туюлат. Сиздерде тоют маселеси, дан эгиндери боюнча абал кандай?

— Жаратканга шүгүр, быйыл аба ырайы жаанчыл болуп, түшүм, тоют мол болот деп үмүт кылып жатабыз. Азыркы күнгө карата облус боюнча жер айдоого пландалган 107 907 гектардын, 106 029 гектары айдалып,  98,2%ды түздү. 86 772 гектарына дан жана буурчак өсүмдүктөрү, ал эми 24361 гектар жерге картошка айдалды. 67247 гектар жер көп жылдык чөптүн аянтын түзүүдө. Кыскасы, быйыл элибиздин пейили ток болуп, дыйкандарыбыздын таман акы, маңдай тери акталат деп турабыз.

Сиздин баамыңызда канткенде кыргыз жаштары сапаттуу билим ала алышат? 

— Биринчи кезекте, азыркы жаштар кыргыз тилин билиши керек. Биз кыргызбыз, кыргыз тилин билбесек анда алган билимибизди кимге үйрөтөбүз. Калпакты кийе билип, кыргыз улутун даңазалай алсак анан өнүгөбүз. Экинчиден орус жана англис тилдерин үйрөнүшү керек. Орус тили менен КМШ өлкөлөрүнө, ал эми англис тили менен бүт дүйнөгө жол ачууга болот. Ошондой эле компьютерди, интернетти, жаңы технологияларды колдоно билүүсү зарыл. Аларга кошумча эле техникалык багыттагы билимдерди алышса. Мындан тышкары өлкөбүздү дүйнөгө таанытуу үчүн спорт жана маданият багыты да бар. Жаштарыбыз спорт менен машыкса, ал эми таланттуу жаштарыбыз маданият тармагын жандандыра алышса биздин жаштардын көпчүлүгү максаттарына жетишмек. Эң негизгиси кайсы жаш болбосун алган билими менен өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошом деген ниетте билим алуусу керек.

— Белгилүү саясатчы, мыкты жетекчи жана спортту сүйгөн жаран катары айтсаңыз. Мекенчил жаштарды тарбиялоодо спорттун ролу кандай?

— Спорт бул биринчи кезекте ден-соолукка кам көрүү. Дени сак улут күчтүү мамлекет деп бекеринен айтылбаса керек. Мамлекетибизди дени сак жаштар коргой алат. Анан албетте спорт аркылуу өз өлкөндүн сыймыгына айланууң мүмкүн. Ал үчүн спортчуларыбызды колдойлу. Ал жаштар талыкпай машыгып, эл аралык мелдештерде Кыргызстаныбыздын желегин көтөрүшү керек. Спорт аркылуу жаштарды мээнет кылууга, ички дүйнөсүндөгү коркууну жоготуп ишенимдүү болууга үндөйбүз. Ошондой эле биримдикте бир команда болуп аракет кылууга, бир адамдын сөзүн угууну, адамдарга болгон урмат сыйды, бири бирине жардам берүүнү жана бир максат менен өлкөсүнө ийгилик алып келүүгө үйрөтсө болот. Биз жаштарды бала кезинен спортко кызыктырып, даярдашыбыз керек.

Жазгүл КАРБОСОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!