Биздин маектеш Ишенбай Дүйшөнбиевич мыйзам жазуу боюнча өлкөдөгү алдыңкы “экинин бири” экенин кезегинде анын саясаттагы ашынган атаандаштары да тана алган эмес. 15 жылдык депутаттык ишмердүүлүгүндө биздин маектеш кыргыз саясатындагы “оор салмактагы” фигура катары саналып келсе, бүгүн да аксакалдык доорунда коомдук, саясий турмуштан четте калбай, бардыгын сыдыргыдан өткөрүп турган кербези. Биз Ишенбай Дүйшөнбиевич менен парламент институтунун табияты, шайлоо мыйзамдары жана депутаттык корпустун тегерегинде кеңири маанайда баарлаштык…
— Ишенбай Дүйшөнбиевич, эгемендик алгандан берки Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагаларынын макамын мыйзам аркылуу өзгөчө бекемдеп берүү боюнча өткөн жылы сунуштар айтылганы менен учурда тынчый түштү. Парламенттин мурдагы Төрагаларына мыйзам аркылуу макам берүү канчалык деңгээлде зарыл деп ойлойсуз?
— Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагаларына карата мыйзамдын чегинде өзгөчө макам болбосо дагы, Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атайын чечими менен айрым маселелерге жеңилдик берген жагын карап, чечип койсо болот. Аныгында парламенттин спикери – мыйзам чыгаруу бийлигин жетектеген саясий кызмат адамы экендиги ырас. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин парламенттин Төрагасы өзү шайланган чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Төрагасынын статусуна ээ болот. Жогорку мамлекеттик кызматка Жогорку Кеңештин Төрагасы, ошондой эле аткаруу жана сот бийликтеринин мурдагы жетекчилери, эреже катары, жогорку кесиптик компетенттүүлүгү жана зор практикалык тажрыйбасы үчүн шайланышкан (дайындалган). Билими, жөндөмү бааланган өлкөлөрдө мындай кадрлар дайыма суроо-талапка ээ болуп, мамлекетке анын иш-тажрыйбасы керек болгон жерде кызматын улантышууда. Бул жагы эл аралык практикада дагы далилденген. Тилекке каршы, биздин өлкөдө алар өз ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткондон кийин, алардын иш-тажрыйбасына суроо-талапты мындай кой, айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери да кабыл албайт. Айрым кесиптештерим айткандай, бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасын айтпаганда да, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө караганда өлкөнүн Президентине жетип, аны менен айрым окуялар же мамлекеттин көйгөйлөрү боюнча өз көз карашыңды бөлүшүү оңой. Ошондуктан, ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон жогорку кызмат адамдарына карата мамлекеттик бийликтин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылган тиешелүү укуктук акт кабыл алынышы керек деген пикирге кошулам.
— Учурдагы чакырылыштын айрым депутаттары келээрки парламенттик шайлоодо бир мандаттуу ыкманы жокко чыгарып, эл өкүлдөрүн партиялык тизме аркылуу гана шайланып келүү эрежесин киргизүүнү демилгелешип, коомдук пикирге чыгарышууда. Идея ээлери бир мандаттуу шайлоо системасы мамлекеттик казына үчүн да олуттуу чыгым алып келээрин жүйөлөштүрүшүүдө. Сиз мындай жүйөлөр менен макулсузбу?
— Демократия деген эмне? Бул эл бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу функцияларын түздөн-түз же өз өкүлдөрү аркылуу жүзөгө ашырган мамлекеттин саясий түзүлүшүнүн бир түрү. Баш мыйзамга ылайык, эл шайланган Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу мамлекетти башкарууга катышат. Биз шайлоо системасынын эки түрүн колдонобуз. Бул пропорционалдуу жана мажоритардык. Алардын ичинен демократиялык эмес, тагыраагы, өлкөбүздүн Баш мыйзамына карама-каршы келгени пропорционалдык шайлоо системасы болуп саналат. Пропорционалдык шайлоо системасында эл депутатты шайлабайт, партияга добуш берет. “Парламент шайланган 90 депутаттан турат” деп Баш мыйзамда так жазылган. Эл шайлаган депутат гана эл өкүлү боло алат. Баш мыйзамдын талабы боюнча мажоритардык (бир мандаттуу округ) система менен шайлангандар гана Жогорку Кеңештин легитимдүү депутаты деп санаса болот. Мажоритардык шайлоо системасынан баш тартууну сунуштагандар бир мандаттуу округдагы ар бир кайра шайлоодо салык төлөөчүлөргө орто эсеп менен 10 миллион сом чыгымдалып, кайра шайлоолорго 1 миллиард сомдон ашык каражат жумшалганы менен жүйө келтиришет! Аныгында бул олуттуу аргумент эмес. Эгерде алар бюджеттик каражаттарды сактап калууга ушунча кам көрүшсө, анда алар шайлоо жөнүндөгү мыйзамды жөн эле өзгөртүп, маселени кыйналбай чечиши керек болчу. Мажоритардык шайлоо системасынын 3 түрү бар: Абсолюттук, салыштырмалуу жана квалификациялуу көпчүлүк. Мында “салыштырмалуу көпчүлүктүн” түрүн тандоодо мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилиши мүмкүн: “…Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо округу боюнча шайлоо округуна катышкан шайлоочулардын тиешелүү добуштарынын көбүрөөк санын алган шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өтөт”.
Пропорционалдык шайлоо системасынын Баш мыйзамга каршы келгендигине келгенде, каршылаштар мыйзамда преференциалдык добуш берүү каралган. Демек, түз болбосо да, жок дегенде кыйыр түрдө шайлоочу депутатты шайлоого катышат жана мындай система Батыштын көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулат деп каршы чыгып, өз пикирин айтышы мүмкүн. Бирок, анда биз бул системаны кыргызча эмес, европалык стандартка ылайык колдонушубуз керек. Батыш өлкөлөрүндө преференциалдык добуш берүүнүн практикасын киргизүүдө мыйзам долбоорунун демилгечилери негизги нерсени – батышта өлкөнүн аймагы шайлоочу талапкерди аныктай тургандай кылып шайлоо округдарына бөлүнгөндүгүн жана тандоо жасай алгандыгын эске алышкан эмес. Мисалы, Германияда шайлоо бюллетенине 5тен 10го чейинки талапкерлердин тизмеси киргизилиши үчүн аймак 299 округга бөлүнгөн. Ошентип, шайлоо бюллетенинде талапкерлердин тизмеси биздегидей 54 эмес, 10 адамдан ашпаса, артыкчылыктуу добуш берүүнү ишке ашыруу мүмкүн болмок. “Кыргыз стилинде” артыкчылыктуу добуш берүү эмне болду? Жөнөкөй мисал, Чүй облусу боюнча 7-чакырылыштагы депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы боюнча добуш берүүгө 189 миң 904 шайлоочу катышты. Жыйынтыгында бул аймактын тургундары 1 мандат алышты. Ошол эле учурда Ош шаарынын тургундары 5 мандаттын ээси болуп, добуш берүүгө 60 021 шайлоочу гана катышты. Талас районунун тургундары 63 829 шайлоочу добуш берип, 4 мандат алды! Көрдүңөрбү, бул эмне деген логика? Шайлоо процессиндеги теңчилик принциби шайлоочулардын шайлоонун жыйынтыгына бирдей деңгээлде таасир этишин болжолдойт. Жогорудагы көрсөткүчтөр Чүй облусунда шайлоочулардын укугу бузулуп жатканын ачык көрсөтүп турат. Жыйынтыгында Чүй облусунун шайлоочулары парламенттеги партиялык лоббисинен ажырап, ошого жараша мамлекеттик бийликти түзүүгө, парламенттин чечимдерин кабыл алууга толук жана атаандаштык менен катышуу, партиялардын оозунан бийликти толук угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
— Эмне үчүн бизде ушундай болду?
— Учурдагы мыйзамдарга ылайык, бюллетенге шайлоого катышкан бардык партиялардын тизмеси киргизилген. Ошондой эле шайлоо бюллетенинде партиялык тизмедеги талапкерлердин номерлери көрсөтүлгөн 54 чарчы болгон. Жыйынтыгында тандоо үчүн шайлоочу партиялардын программалары, партиялардын тизмесине кирген талапкерлердин өмүр баяны менен таанышып, добуш берүү күнү шайлоо бюллетениндеги кутучага белги коюу үчүн алардын ичинен талапкерди тандап, анын номерин эстеп калуусу керек деп болжолдонгон. Аң-сезимдүү адам үчүн мындай тандоону биякка кой, мындай көлөмдөгү маалыматты “сиңирип” алабы? Албетте жок. Демек, талапкерлерди персонификациялоо идеясы ойдон чыгарылган нерсеге айланды. Натыйжада негиздүү тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган шайлоочу же шайлоого катышкан жок же тууганынын же досунун өтүнүчү менен добушун берди. Балким жөн эле добушун ашыкча төлөгөн адамга “сатып” койду. Мындай көрүнүштү базардагыдай соодага салыштырсак жарашат. Жыйынтыгында шайлоочулардын 65,4%ы добуш берүүгө келген жок. Буга окшогон көптөгөн себептер шайлоочулардын демократиялык мүнөзүнөн көңүлү калгандыгынын белгиси. Шайлоого шайлоочулардын калган 34,6%ы гана катышты. Мен жогоруда Чүй облусунун шайлоодогу көрсөткүчтөрүн эмнеге мисал келтирдим? Бул өрөөндүн жашоочулары, шайлоочулары ачык айтканда толеранттуу келишет. Бул аймактын тургундары өзгөчө шайлоодо жердешчиликке көп көңүл бурушпайт. Ал эми өлкөбүздүн башка аймактарында аламан жарыш учурунда кыргыздын канына сиңген “жердешчилик өнөкөтү” өзгөчө күч алат. Кандай гана болбосун “өз балабызга добушубузду беребиз” дешип, жердешчиликтин жел аргысын бийик тутуп тура беришет. Дал ушул жердешчиликтин жел аргысы жана акчанын күчү менен шайлоого аттанышкан көп талапкерлер мандатка ээ болуп алышты.
— Биз бир мандаттуу жана партиялык система аркылуу да эл өкүлдөрүн тандап көрдүк. Сиз көпчүлүктүн тандоосу менен кабыл алынган партиялык системанын кемчиликтерин атап жатасыз. Деги бизге кандай шайлоо системасы жагат? Эч нерсени жактырбай, улам бир системадан кынтык издеп жүрө беребизби?
— Жогорудагы көрүнүштү четтетүү максатында чет элдик тажрыйбаны эске алуу менен 7-чакырылыштын бир катар депутаттары өлкө бирдиктүү округ катары каралып жаткан учурда шайлоо системасынын учурдагы модификациясынан баш тартууну сунушташты. Алар өлкөнүн аймагын чек аралары административдик-аймактык бирдиктердин чек аралары менен дал келген 9 шайлоо округуна бөлүүнү сунушташты. Ар бир облустук шайлоо округу боюнча саясий партиялар шайлоочулардын санына жараша ошол округ боюнча бөлүштүрүлгөн мандаттардын санына ылайык келген санда талапкерлердин аймактык тизмесин бере алышат. Партиялык тизмедеги талапкерлердин салыштырмалуу аздыгы шайлоочуларга талапкерлердин профилдери менен көбүрөөк таанышууга, алардын ишмердүүлүгүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүгө мүмкүндүк берет. Талапкерлер менен түз диалог, саясий партиялардын программалары менен таанышуу, шайлоочуларды кызыктырган суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгү партиялардан келген талапкерлердин компетенциясына жана квалификациясына объективдүү баа берүүгө мүмкүндүк берди. Мындай мамиле пропорционалдык системанын принциптерине карама-каршы келбейт. Анткени, талапкерлерди саясий партиядан гана көрсөтүү укугу сакталып, шайлоочулар жеке талапкерлер үчүн эмес, саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн добуш берүүгө тийиш. Ар бир облустук шайлоо округу боюнча саясий партиялар шайлоочулардын санына жараша ошол округ боюнча берилген мандаттардын санына ылайык келген санда талапкерлердин аймактык тизмесин беришет. Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө бүткүл республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санынан мыйзамда белгиленген эң аз добуш алган саясий партияларга катышууга жол берилет. Алынган бош орундар шайлоо округу боюнча мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилген талапкерлердин (партиялык тизмелердин) тизмелеринин кезектүүлүгү боюнча кийинки талапкерлер тарабынан толтурулат. Ошентип, шайлоо округу 5 жылдын ичинде мандат алган саясий партиялардын туруктуу өкүлчүлүгү менен камсыз кылынат. Пропорционалдык системага сунушталып жаткан өзгөртүү саясий партиялардын арасында аймактык формалдуу эмес лидерлерди, компетенттүү адамдарды, кесипкөйлөрдү жана жөндөмдүү адамдарды өз катарына тартуу маселесинде да атаандаштыкты жаратат. Шайлоочулардын өздөрүнүн эркин билдирүү чөйрөсүн кеңейтүү үчүн мыйзам долбоорунда партияга рейтингдик добуш берүүнүн, тагыраагы, преференциалдык добуш берүүнүн негизинде талапкерлердин тизмесин түзүү тартибин белгилөө мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталган. 2014-жылы мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоодо басымдуу көпчүлүк пропорционалдык системага жогоруда аталган өзгөртүү киргизүүнү колдошкон. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Бирок өлкөнүн башкаруучу элитасы ар кандай ойдон чыгарылган шылтоолор менен коомдук пикирге туруштук берип, мыйзам долбоорун «тоңдурууга» жетишти. Аларга эл тандап шайлаган депутат эмес, тил алчак, көз карандуу, күн карама депутаттар керек болчу. Өлкөнүн мурунку Президентинин бардык чакырылыштардагы Жогорку Кеңештин Төрагалары менен жолугушуусунда мен Сооронбай Жээнбековдун көңүлүн шайлоо мыйзамдарынын жеткилеңсиздигине, аны тез арада өзгөртүү зарылдыгына жана мүмкүн болуучу кесепеттерге бурдум. Ал көңүл бурбай койду. Жеке эле мен эмес, Жогорку Кеңештин мурдагы төрт Төрагасы да ушундай эле өтүнүч менен андагы Президент Сооронбай Жээнбековго кат жүзүндө кайрылышкан. Сооронбай Жээнбеков алардын да кайрылуусуна көңүл бурган эмес. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков дал ошол парламенттик шайлоону адилетсиз өткөргөндүгүнүн айынан кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.
(Уландысы кийинки санда)
Калыгул Бейшекеев