Криптовалюта рыногун көзөмөлдөө күчөйт. Кыргызстанда жаңы агенттик түзүлөт

29-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 409

Садыр Жапаров виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары тармагын жөнгө салуучу жаңы мамлекеттик орган түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда криптовалюта, санариптик активдер жана блокчейн технологиялары боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыра турган Улуттук агенттик түзүлөт. Жаңы түзүм тармакты жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөл жүргүзүү милдеттерин аткарат.

Аталган агенттикке виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө, тиешелүү реестрлерди жүргүзүү жана лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилери белгиленди. Ошондой эле агенттиктин жетекчиси президент тарабынан дайындалат.

Мындан тышкары, жаңы түзүмдүн кызматкерлери үчүн өзүнчө эмгек акы системасы жана социалдык кепилдиктер каралары айтылды.

Бийлик өкүлдөрү бул кадам санариптик экономиканы өнүктүрүүгө, виртуалдык активдер рыногундагы мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын билдиришти.

29-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 409
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X